eBilim китепканасы Кыргызстандын жайлоолорун кыдырып жүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековГоры Кыргызстана. Архивное фото
Горы Кыргызстана. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Роза Отунбаеванын фонду эми көчмө китепканаларды алыскы жайлоолорго, элеттиктерге жөнөттү.

БИШКЕК, 3-июль — Sputnik. Кыргызстандын алыскы аймактарында жашоочулары үчүн мобилдик санарип китепкана иштей баштады. Мындай заманбап китепканалар Нарын облусундагы Ат-Башы жана Соң-Көл жайлоолорундагы бала бакчаларга барат. 

Кичиавтобустарга ылайыкталып орнотулган китепкана бүгүнтөн тартып 9-августка чейин Соң-Көлдөгү жайлоолого барып, андан ары 6-12-июлда ат-башылыктарда болот.

Троллейбус "китепкана" Бишкектин көчөсүн аралап жүрөт
Мындай китепканынын максаты — тоолуу райондордун жашоочуларына билим жеткирүү. Кичиавтобустун ичине портативдик компьютерлер орнотулуп, анда 2000ден ашуун ар кандай тексттер үн жана видео коштолуп жазылган. 

Бул ресурстарды окурмандар уюлдук телефондорго жана USB, DVD жазып алса болот. Анда элеттиктерге керектүү айыл чарба, саламаттыкты сактоо, билим берүү, укук, адабият, кинотасамалар боюнча материалдар, жаңылыктар жана мугалимдер үчүн усулдук материалдар сунушталат.

Мындан сырткары, көчмө китепканада балдар үчүн китептер, тасмалар жана маалымат ресурстары да бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0