Балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн штабдар түзүлүүдө

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүБалдар үйүндөгү жаш бала. Архив
Балдар үйүндөгү жаш бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Планга ылайык түзүлгөн 528 штаб короолорду, балдар аянтчаларын текшерип, жеринде иш алып барат.

БИШКЕК, 30-июнь — Sputnik. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин демилгеси менен балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан өзгөчө чаралардын планы иштелип чыкканын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Балдар үчүн ишеним телефону иштей баштайт
Маалымат боюнча, жыл башынан бери Кыргызстандын 195 миң 48 үй-бүлөсү изилдөөгө алынып, бүгүнкү күндө өлкөдө 18 жашка чейинки 2 миллион 235 миң 400 бала жашай тургандыгы аныкталган.

Планга ылайык түзүлгөн 528 штаб короолорду, балдар аянтчаларын текшерип, жеринде иш алпарат. Штаб курамдарына Саламаттык сактоо, Билим берүү, Ички иштер, Социалдык өнүктүрүү министрликтеринин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кирди.

Балдарга жол кыймылынын эрежелерин кантип үйрөтүү керек Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0