Таласта коомдук жумуш акысына азык-түлүк берилет

Жазылуу
Коомдук пайдалуу жумуштарга катышкандыгы үчүн 200 миңден ашуун адам колдоого ээ болуп, аталган долбоор мурункуларга караганда бир топ айырмаланып турат.

БИШКЕК, 29-июнь — Sputnik. Кара-Буура районунда аялуу катмарга кирген аялдар үчүн тигүү курстары ачылганын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Кыргызстанда ата-эне тарабынан каралбай калган 16 миңден ашуун бала бар
Министр Кудайберген Базарбаев Талас облусунун Кара-Буура районуна иш сапары менен барып, БУУ менен биргеликте даярдалган "Эмгекке азык-түлүк берүү" долбоорунун натыйжалары менен таанышты.

Маалыматка ылайык, райондун Аманбаев айылында калктын аялуу катмарына кирген аялдар үчүн тигүү курстары ачылып, учурда 16 айыл тургуну жаңы адистикке ээ болгон.

Базарбаевдин айтымында, "Эмгекке азык-түлүк берүү" долбоорунун алкагында коомдук пайдалуу жумуштарга катышкандыгы үчүн 200 миңден ашуун адам колдоого ээ болуп, мурункуларга караганда бул иш-чара бир топ айырмаланып турат.

"Эгер буга чейин гуманитардык жардам катары ун, май сыяктуу азык-түлүктөр жөн гана таратылса, эми колдоого муктаж адамдар үчүн арыктарды тазалоо, көпүрө куруу, бак отургузуу сыяктуу коомдук жумуштарга жардам көрсөтүү сунушталып жатат. Мындан тышкары, биринчи жолу долбоордун алкагында окутуу каралган", — деди министр.

Базарбаев Кызыл-Адыр айылына барып, социалдык тейлөөгө муктаж кары-картаңдар, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, майып балдардын ата-энелери, оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр менен жолукту. 

Министрдин айтымында, Талас облусу боюнча мамлекеттен 18 миң адам жөлөк пул алса, анын 4,6 миңи Кара-Буура районунун жашоочулары. 

"Жыл башынан бери министрлик тарабынан облуска 90 миллион сомдук жөлөк пул берилсе, анын 20,5 миллиону аталган районго туура келди", — деди Базарбаев.

Жолугушуу учурунда муктаж адамдарга үч майыптар үчүн кресло берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0