Ош шаарында 95 орундуу бала бакча Эгемендик күнүнө карата ачылат

© пресс-служба мэрии города БишкекОш шаарында эки кабаттуу 95 орунга ылайыкташкан заманбап бала бакча ачылды.
Ош шаарында эки кабаттуу 95 орунга ылайыкташкан заманбап бала бакча ачылды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк борбордо 2014-жылы үч бала бакча курулуп, балдарга тартууланган.

БИШКЕК, 26-июнь — Sputnik. Ош шаарында эки кабаттуу 95 орунга ылайыкташкан заманбап бала бакча пайдаланууга берүүгө даяр. Бул туурасында Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Талант Эшбаев маалымдады. 

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев пайдаланууга берүүгө даярдалып жаткан бала бакчага барып, курулуштун сапатын көрдү. 

Мэрия Амир-Темур аймагындагы 95 орундуу балдар бакчасын Эгемендик күнүнүн урматына пайдаланууга берүүнү пландап жатат. 

Буга чейин 2014-жылы шаарда үч бала бакча курулуп, балдарга тартууланган.

"Шаар мэри Кадырбаевдин жетекчилиги менен "Шоола-Үмүт", "Акылай" аттуу эки балдар бакчасы, 2015-жылы Жапалак айылына курулган 120 орундуу "Актан" балдар бакчасы пайдаланууга берилди", — деп билдирет мэриянын маалымат кызматы. 

Учурда Гүлбаар–Төлөйкөн айылына да эки кабаттуу 90 орундуу балдар бакчасы курулуп жаткандыгын мэр Амир-Темурда жаңы имараттын курулушун көрүү учурунда айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0