Премьер Сариев Лейлектеги селдин кесепетин жоюу иштери менен таанышып жүрөт

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер Сариев Лейлектеги селдин кесепетин жоюу иштери менен таанышып жүрөт
Премьер Сариев Лейлектеги селдин кесепетин жоюу иштери менен таанышып жүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчысы Лейлек районундагы айылдардын бирине кетүүчү жаңы жолдун салынышын текшерип, анын сапатына канааттанбагандыктан, бул маселени териштирүүгө тапшырма берди.

БИШКЕК, 25-июнь — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Баткен облусундагы иш сапарынын алкагында Лейлектин айылдарында 8-июнда жүргөн селдин кесепеттерин жоюу иштери менен таанышты. Жолугушууга келген эл бул иштерди тездетүү өтүнүчү менен кайрылыды.

Лейлектеги селден кийин ӨКМ таза сууну калыбына келтирет - Sputnik Кыргызстан
Лейлектеги селден кийин ӨКМ таза сууну калыбына келтирет
Сариев Кулунду айылында турак-жайлары таптакыр жарактан чыгып калган жарандарга 18 га жерди трансформациялап, бөлүп берүү иштерин жакын арада чечип берүүнү убадалады.

Сапардын алкагында премьер-министр селден улам жараксыз абалга келген 32 үйдүн кожоюнуна материалдык жардам көрсөтүү боюнча сертификаттарды тапшырды.

Айылдык фельдшердик пункт да жарактан чыгып калгандыгы сапардын учурунда белгилүү болуп, премьер имаратты ӨКМ министрине имаратты жаңыдан куруп берүү тапшырмасын койду. 

Сариев айылга кетүүчү жаңы жолдун салынышын текшерип көрүп, анын сапатына канааттанбагандыктан, бул маселени териштирүүгө тапшырма берди.

"Кырсыктын кесепетин жоюуда жергиликтүү элдин да көмөгү зарыл, мамлекеттин кубаты – эл биримдигинде, ошондуктан биргеликте аракеттенүү керек. Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү берилген көмөктү калыс жана мыйзам чегинде бөлүштүрүүгө өзгөчө көңүл буруусу тийиш", – деди Сариев.

Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгынын натыйжасында райондун аймагындагы тогуз айылда 207 турак үйгө суу кирип, онго жакын социалдык обьект, ички чарбалык жолдор, сугат каналдары жабыркап, жалпысынан 96 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0