Физиканын айрым мыйзамдарын жокко чыгарууга ниеттенген кыргызстандык студент

© Sputnik / Э. Гладков / Медиабанкка өтүүЖабдыктар менен иштөө. Архив
Жабдыктар менен иштөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Исхак Раззаков атындагы Политехникалык университеттин машина куроо факультетинин биринчи курсунун студенти Дастан Абдрахманов генераторду жасоо ою ишке ашса, физиканын айрым мыйзамдары жокко чыгышы мүмкүндүгүн айтат.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Физикада энергия бардан жок болбойт, жоктон бар болбойт деген мыйзам бар. Дастан Абдрахманов эгер биз ойлоп жүргөн идея ишке ашып калса, физиканын ошол мыйзамы жокко чыгышы ыктымал экен.

"Биз жасай турчу генератор эч нерсенин жардамы жок эле, өзү менен өзү ток чыгара берет. Энергияны иштеп чыгуу үчүн ага сөзсүз түрдө бир несенин жардамы керек. Мисалы, ГЭСте сууну колдонот, ТЭЦте көмүрдү күйгүзүп анан ток чыгат. Буюрса, биздин генератор жасалып калса, альтернативалуу электр энергиясынын булагы катары колдонулат", — деди ал.

Абдрахманов мындай генераторду жасоону мектеп жашынан бери эле кыялданып келет. Учурда анын моделдик түрүн жасаган.

"Бул модель кичине болгонунан карабай 1,5 кВт электр энергиясын чыгарып, өзүн-өзү заряддайт. Азырынча бул аппарат 3-4 сааттай эле иштеп, чыккан энергия өзүн-өзү заряддаганга жетпей жатат", — деп Дастан жасаган аппаратын түшүндүрүп жатып айтты.

Бул чакан моделди кураштырууга 40 миң сомдой каражат кеткен. Ага эски машиналардын тетиктери колдонулган. Моделди ишке киргизүү үчүн аккумулятор жана аны заряддай турган жабдык колдонулат. Бул жабдык менен тиричилик техникаларын иштетсе боло турганын тажрыйба жүзүндө көрсөтүп берди.

Түбөлүк кыймылдаткыч жасоого боло турганын кыргызстандык студент далилдөөгө ниеттенүүдө
Дастан жаңы жасай турчу генератордо аккумулятор аны ишке киргизгенге гана керектелип, андан кийин ал механикалык түрдө иштеп кете турганын айтат.

Өзү менен өзү иштеп, энергия чыгаруучу аппаратты жасоо мүмкүн эместигин Дастандын мугалимдери да айткан. Бирок 1-курстун студенти андай аппаратты жасап, физиканын бардан жок болбойт, жоктон бар болбойт деген мыйзамын жокко чыгарып, аны иш жүзүндө далилдеп берүүгө аракет кыларын баса белгиледи.

Эгер көптөн бери пландап жүргөн идеясы ишке ашып, иш жүзүндө далилденгенден кийин өзүнүн эмгегин ири машина чыгаруучу компанияларга сунуштай турганын айтат. Балким, электр энергиясын өндүрүүдө жаңы ачылыш болушу мүмкүн дейт Дастан.

"Азыр дүйнөдөгү машина чыгаруучу ири компаниялар электромобилдерди чыгарып жатат. Tesla компаниясы электромобилдерди жана аккумуляторлорду чыгарууда. Аны машинага да, үйгө да колдонсо болот. Ал аккумуляторлор күндөн энергия алып, анан үйгө ток берет. Биз жасайбыз деп жаткан генератор заряд албайт, тескерисинче, заряд берет. Эгер идеябыз ишке ашып, жакшы жыйынтыктарды берсе, ушундай машина чыгаруучу ири компанияларга да сунуштайбыз", — деди Дастан.

Улуттук илимдер академиясынын физико-техникалык маселелер жана материал таануу институтунун энергия сактоочу технологиялар лабораториясынын башчысы Насыпбек Жаманкызевдин айтымында, физика илиминин мыйзамы боюнча түбөлүк кыймылдаткычты жасоо мүмкүн эмес.

"Түбөлүк кыймылдаткыч жасадым деп биздин институтка келгендер бар. Аларга андай жасаганга мүмкүн болбой турганын көрсөтүп, далилдеп берип келебиз. Физиканын мыйзамы боюнча андай жасаганга мүмкүн эмес", — дейт ал.

1-курстун студенти Дастан Абдрахманов алдына чоң-чоң пландарды койгон. Эми ал шамалдан энергия ала турчу чакан аппарат куроого ниеттенип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0