Кыргызстанга АКШ элчилигинин кезектеги дипломатиялык жүгү келди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас" Эл аралык аэропорту. Архив
Манас Эл аралык аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Кыргызстанга АКШнын кезектеги 20 тонналык дипломатиялык жүгү келе турганы маалымдалган.

БИШКЕК, 24-июнь — Sputnik. Кыргызстанга АКШ элчилигинин кезектеги дипломатиялык жүгү 23-июнь күнү келгенин Sputnik агенттигине "Манас" Эл аралык аэропортундагы"  булактар билдирди.

АКШ элчилиги дипломатиялык почта аркылуу келген жүк боюнча комментарий бербейт
Апрель айында украина авиакомпаниясынын АН-124 "Руслан" унаа учагы "Манас" аэропортуна эки жолу келип конгонун басылмалар жазып чыккан. Учак Бириккен Араб Эмирлигинен АКШ элчилиги үчүн 152 тонналык "кандайдыр бир жүк" ташып келген. Дипломатиялык почта болгондуктан, ал текшерилген эмес.

Эксперттер америкалыктар жаңы элчиликтин имаратын куруу менен бирге Кыргызстанга "демократия" кирпичтерин жана "эркиндиктин" арматураларын ташып келип жаткандыгы тууралуу пикирлерин билдиришкен. 

Ошол эле учурда Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев АКШ элчилиги Кыргызстанга дипломатиялык почта катары 20 тонна жүк киргизерин кабарлаган.

Маалымат булактар бул жолку жүк шейшемби күнү таңкы саат үчтө келип, аэропорт аймагынан эртең мененки саат беште алынып чыкканын билдирди.

Тортто жайгашкан АКШ желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: КРге дипломатиялык жүктүн келиши боюнча АКШ элчилигинен нота түшө элек
2015-жылдын февраль айында АКШнын КРдеги убактылуу элчиси болуп Ричард Майлз дайындалган. Кыргызстан менен Грузия эксперттери бул дайындоонун кокустук эмес экенин, ал мамлекетке кооптуулук жаратарын айтышууда.

Майлз элчилик милдетти Азербайжан, Белград жана Болгария мамлекеттеринде аркалаган. 2003-жылы Грузияда "роза төңкөрүшү" болгон учурда да Майлз аталган өлкөдө Американын элчиси болуп турганы белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0