Кызыл китепке кирген жаныбарлар кырылды

© Sputnik / Обухов / Медиабанкка өтүүАркардын баласы. Архив
Аркардын баласы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзамсыз уруксат сибирь текесин, каман, элик, түлкү, коён, кыргоол, кекилик-чил, өрдөк атууга берилген.

БИШКЕК, 22–июнь — Sputnik. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Кызыл китепке киргизилген жаныбарларды атууга мыйзамсыз уруксат бергенин ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Ак илбирс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар илбирстин саны азайып бара жатышына тынчсызданууда
Маалыматка ылайык, мекеме жетекчилери тарабынан берилген уруксаттын негизинде сейрек кездешүүчү жаныбарларды атуудан мамлекетке 8 миллион 880 миң сом зыян келтирилген.

Мыйзамсыз уруксат сибирь текесин, каман, элик, түлкү, коен, кыргоол, кекилик-чил, өрдөк атууга берилген. Текшерүү иштеринин натыйжасында илимий изилдөөгө алуу шылтоосу менен аркар-кулжаларды атып, аларды Кыргызстандан алып чыгып кетүүгө 20 уруксат берилгендиги аныкталган. 

Натыйжада Башкы прокуратура тарабынан мекеме жетекчилерине карата КР кылмыш жаза кодексинин 304-беренесине (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) ылайык кылмыш иши козголду.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0