Премьер Сариев айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жаңыча мамиленин зарылдыгын белгиледи

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүТалаада иш учурунда. Архив
Талаада иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Айыл чарба министрине дыйкандарга мамлекеттик колдоонун майнаптуулугун жогорулатуу жолдорун иштеп чыгууну тапшырды.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев айыл чарба, мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев менен жолугуп, айыл чарба тармагына жаңыча мамиле жасоо зарылдыгын айтты. 

Өкмөт башчысы үрөнчүлүк багытындагы чарбалардын иши талапка жооп бербестигин, андыктан анын сапатын көтөрүү зарылдыгын белгиледи.

"Учурда өлкөдөгү айдоо жерлеринде түшүмдүүлүк начар. Үрөнчүлүк багытындагы чарбалардын иши талапка жооп бербейт. Ошондуктан буга көңүл буруп, үрөндүн сапатын кантип көтөрүүнү ойлонушубуз зарыл. Айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн жаңыча мамиле кылуу керек болуп жатат", — деди премьер-министр. 

Сариев дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыздоо үчүн бул багытта сертификациялоо талаптарын күчөтүү зарыл экенин белгиледи.

Премьер дыйкандарга мамлекеттик колдоонун майнаптуулугун жогорулатуу жолдорун иштеп чыгууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0