Орозо айт 17-июлда майрамдалат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМусулмандар. Архив
Мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республиканын аймагында бүгүнтөн тарта мусулмандар орозо кармап баштады.

БИШКЕК, 18-июнь – Sputnik. Кыргызстанда Орозо айт 17-июлда болот деп белгиленип жатат. Бул туурасында Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максат ажы Токтомушев Sputnik маалымат сайтына билдирди.

"Кыргызстанда Орозо кармоо 16-июлда аяктап, Орозо айт 17-июлга туура келет деп божомолдонууда", — деди Токтомушев. 

18-июндан тарта Кыргызстандагы мусулман журту орозо кармап баштады. Бүгүн Бишкек убактысы боюнча 03:00тө ооз жабылды. Ифтар кечки саат 20:48ге туура келет.

2015-жылдын орозо календары: ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу убакыттарын (ифтар) Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0