Жол кыймылынын коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кайгуул кызматкери. Архив
Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай рейддер байма-бай өткөрүлүп турат. Жетекчилер жасаган иши тууралуу отчет бергени менен, иш жүзүндө таптакыр башка көрүнүшкө күбө болуудабыз дейт вице-премьер.

БИШКЕК, 15-июнь — Sputnik. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин катышуусу менен өткөн рейддин жүрүшүндө "Бишкек – Чолпон-Ата" автожолунун айрым жерлери талапка туура келбегендиги аныкталганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жол кайгуул кызматы ЕАЭБке кирүү алдында жолдо жүрүү эрежелерин өзгөртөт
Маматалиев КР өкмөтүнүн алдындагы жыл кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын көчмө жыйынын өткөрүп, анын алкагында жол кырсыктарын алдын алуу жана айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн "Бишкек – Чолпон-Ата" автожолундагы Жол-кайгуул кызматынын бардык постторун жана андагы POS-терминалдарды текшерүүдөн өткөрдү.

Натыйжада жолдун Бишкек – Георгиевка бөлүгүндөгү аңдардын сапатсыз оңдолушу, Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда Кубакыдан Балыкчыга чейинки аралыкта жол белгилеринин жоктугу, Балыкчы шаарындагы автожолдун начар абалы, жол белгилеринин стандартка жооп бербегендиги аныкталды.

"Мындай рейддер байма-бай өткөрүлүп турат. Комиссия жыйынында тийиштүү мекемелердин жетекчилери отчет беришет, бирок, тилекке каршы, иш үстүндө таптакыр башка көрүнүшкө күбө болуудабыз. Жумуштун жүрүшүн Транспорт министрлиги менен Жол кайгуул кызматы өз жоопкерчилигине алышы керек", — деди Маматалиев.

Жыйында, мындан тышкары, туристтик сезон учурундагы жол кыймылынын коопсуздугун сактоо маселелери талкууланды. Натыйжада комиссия мүчөлөрүнүн сунушун эске алуу менен, туристтик мезгил учурунда жол коопсуздугун камсыздоо боюнча кабыл алынган планды бекитүү чечими чыгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0