Дем алыш: мээ сергитип, эс алабыз!

© Sputnik / Табылды КадырбековДем алыш: мээ сергитип, эс алабыз!
Дем алыш: мээ сергитип, эс алабыз! - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күн ысып, жай мезгили толугу менен өз бийлигин жүргүзө баштаган кез. Катуу шамал шаштыбызды алып, жаан жаап ийгени болбосо бул апта деле, Кудайга шүгүр, тынч аяктап баратат окшойт. Алдыдагы эс алуу күндөрүн кызыктуу жана пайдалуу өткөрөм дегендер үчүн Sputnik Бишкекте жума аягында боло турган маданий иш-чаралардын тизмесин сунуштайт.

12-июнь

Бул күнү кечки саат алтыда Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук академиялык Опера жана Балет театрында дүйшөмбүдөн бери маданиятыбызды, кол өнөрчүлүгүбүздү, өзүбүздү кыргыз туугандарга көрсөтөт элек деп келген тажик өнөрпоздорунун гала-концерти өтөт. 

Борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы Курманжан датка комплексинин алдында кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмө-жарманкеси өтүүдө. Убактыңызды аябай барып, кыргыз уздарынын эмгегин көрүп, байыркынын деми менен жасалган буюмдарды баалап, каалаганыңызды жеткиликтүү баада сатып алсаңыз болот.

Маанайыңыз чөгүп турса, Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрына барыңыз. Ал жактан Григорий Гориндин саат алтыда баштала турган "Чума на оба ваших дома" аттуу комедиясын көрүп, бооруңуз эзилгиче күлүп, эс алып алсаңыз болот, айтмакчы, бул театр 80-сезонун аяктап жатат. Баса, театрда жайкы акция жүрүп жатат. Пенсиялык документин көрсөткөн адам спектаклди акысыз көрө алат.

Мамлекеттик тарых музейинде ушул айдын аягына чейин "Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы Кыргызстан", "Эгемендүү Кыргызстан" жана "Аталардын эрдиги кийинки муунга үлгү" аттуу көргөзмөлөрдүн негизинде жогорку класстын окуучулары үчүн лекция окулууда. Өлкөм жөнүндө көбүрөөк билгим келет десеңиз, музейди көздөй жөнөңүз.

13-июнь

Семен Чуйковдун атактуу "Советтик Кыргызстандын кызы" аттуу сүрөтүн ким билбейт. Ушул сыяктуу дүйнөлүк шедеврлердин сериясынан түзүлгөн сүрөттөрдүн көргөзмөсүн Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм өнөр музейи тартуулайт. Иш-чара саат 13.00дө башталат.

Касымалы Баялинов атындагы балдар китепканасы каникул учурунда мектеп лагерлеринде эс алып жаткан жеткинчектер үчүн ушул айдын аягына чейин акыл-эсти өстүрүүчү оюндар өткөрүлүп, спектаклдер, мультфильмдер, балдар кинолору көрсөтүлөт. Бирок, бул кызыктар шаарыбыздын Биринчи Май районунда жайгашкан мектептин балдары үчүн гана болот. Өкүнүчтүү.

Ал эми Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры Нил Саймондун "Дураки" аттуу чыгармасы менен тосуп алат. Саат кечки алтыга кечикпей барып, бул жарык дүйнөгө келген максатыңыз тууралуу шашпай ойлонуп алсаңыз болот.

14-июнь

Муса Жангазиев атындагы куурчак театры балдарды күтөт. Балаңызды тыпырайтып ээрчитип алып, саат 12де "Жалкоо Хечо" аттуу жомокту көрүп келсеңиз болот. 

Балдар үчүн Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры дагы Самуил Маршактын "Теремок" аттуу жомогун даярдап күтүп отурат. Учурдан пайдаланып, наристеңизге кошулуп, сиз дагы балалыктын таттуу балын көз ирмемге болсо да татып алыңыз.

Sputnik баарыңыздарга эс алуу күндөрүн кызыктуу жана жагымдуу маанайда өткөрүшүңүзгө тилектеш экенин билдирет!

Жаңылыктар түрмөгү
0