Темир Сариев Ош облусун көзөмөлдөө үчүн кетти

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүОш шаарынын борбор аянты. Архив
Ош шаарынын борбор аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сапардын жүрүшүндө премьер-министр "Достук" көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун иши менен таанышып, Ош облусунун Араван районундагы жазгы талаа жумуштарынын жүрүшүн көзөмөлдөйт.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Ош облусуна жана Ош шаарына бир күндүк иш сапар менен кеткенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сариев: өкмөттө темирдей тартип орнотобуз
Сапардын жүрүшүндө премьер-министр "Достук" көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун иши менен таанышып, Ош облусунун Араван районундагы жазгы талаа жумуштарынын жүрүшүн көзөмөлдөйт.

Ошондой эле, премьер Кара-Суу районунда Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышып, согуш ардагерлерин куттуктайт. Андан сырткары Ош шаарындагы "Өчпөс от" мемориалдык комплексине гүлчамбар коюу аземине катышуусу пландалууда.

Иш сапардын алкагында премьер-министрдин төрагалыгы алдында Ош шаарында жазгы талаа өнөктүгүн өткөрүү маселесине арналган селектордук жыйын өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0