Ош шаарында студенттер согуш ардагерлерине жардам берүү акциясын баштады

Жазылуу
Ош шаарында студенттер мэриянын жаштар комитети менен биргеликте Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карта 9-майга чейин ардагерлердин үйүн кыдырып, жардам берип чыгууну пландап жатышат.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Ош шаарында Айыл чарба институтунун өкүлдөрү мэриянын өкүлдөрү менен биргеликте согуш ардагерлери Михаил Шугайлов менен Анна Тягуновага барып, акывалын сурап жана жардам көрсөттү. 

Ош: Жеңишке арналган аскердик парадга даярдык көрүүгө 785 миң сом бөлүндү
Михаил Шугайлов – согушта аткычтар дивизиясында, кийин артилериялык полкто кызмат кылган. Ал эми Анна Тягунова алаамат учурунда алдыңкы талаа госпиталдын санитаркасы болуп иштеген.

Мэриянын жаштар иштери боюнча комитети институттун студенттери менен биргеликте ардагерлердин үйлөрүнүн аймагын тазалап, шыпырып, андан сырткары Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына каармандыгы үчүн ыраазычылык билдирип жатышат.

Комитеттин адиси Казыбай уулу Мирланбектин айтымында, алардын демилгеси менен шаардагы ЖОЖдордун студенттериардагерлердин үйүнө барып, моралдык жана материалдык жардамдарын көрсөтүү акциясын башташты. Бул иш-чаранын алкагында алар шаарда жашаган бардык ардагерлердин үйүн кыдырып чыгууну пландашууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0