Бийчи робот чет жактын эмес өзүбүздүн, кыргызстандык окуучулардын колунан жаралды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков11-класстын окуучулары – Айткул Макенов менен Бекболот Худайбердиев эки жылдан бери робот жасоо менен алектенишет.
11-класстын окуучулары – Айткул Макенов менен Бекболот Худайбердиев эки жылдан бери робот жасоо менен алектенишет. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кожомкул" аттуу роботту жасоого үч миң доллар каражат кеткен. Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк лицейинин 11-классынын окуучулары – Айткул Макенов менен Бекболот Худайбердиев түрдүү бийлерди аткарган жана эрежесиз эр уруштун бир канча соккуларын жасаган робот курашты.
Бийчи робот чет жактын эмес, өзүбүздүн, кыргызстандык окуучулардын колунан жаралды

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. "Себат" эл аралык билим берүү мекемесинин Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк балдар лицейинин 11-классынын окуучулары Айткул Макенов менен Бекболот Худайбердиев эки жылдан бери робот жасоого кызыгып келет. Лицейдин жетекчилиги робот жасоого кызыккан балдар үчүн атайын ийрим ачып, керектүү болгон жабдыктарды да алып берген. Жаш конструкторлор менен Sputnik сайтынын кабарчысы барып маектешип кайтты. 

Худайбердиев менен Макенов алгачкы роботун 9-класста жасаганын айтат. Алардын биринчи жасаган роботу машина болчу. Ал атайын белгиленген сызыктар аркылуу жүрчү.

"Анын үч эле мотору бар болчу, атайын чийилген сызык аркылуу жүрчү. Биз аны кураганда аябай сүйүнгөнбүз. Барган сайын роботтун татаал түрлөрүн, анан сиздер көрүп турган "Кожомкулду" жасадык", — деп айтып беришти алар.

"Кожомкулдун" биринчи роботтон айырмасы анын мүмкүнчүлүгү жана аткарган кыймыл аракеттеринин көптүгүндө. Жаңы роботтун 18 мотору бар. Аны кураштырыш оңой болгону менен атайын программанын жардамы менен кыймылга келтирүү машакаттуу иш. Ал үчүн изденүү керек.

"Роботту кураштырыш оңой эле. Бирок, анын ар бир кыймылын программалоо убакытты талап кылат. Биринчи анын тең салмакты сактап басканын жасадык, ал аябай кыйын болду. Бирок, аракет кылып атып, ага бийлегенди да үйрөттүк", — деди Худайбердиев. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кожомкул" "кара жорго" менен "гангам стайл" бийлерин майын чыгара бийлейт.
Кожомкул кара жорго менен гангам стайл бийлерин майын чыгара бийлейт. - Sputnik Кыргызстан
1/2
"Кожомкул" "кара жорго" менен "гангам стайл" бийлерин майын чыгара бийлейт.
© Sputnik / Табылды КадырбековРоботту кураштыруу оңой болгону менен аны кыймылга келтирүү үчүн программаларды жазуу бир топ убакытты талап кылат.
Роботту кураштыруу оңой болгону менен аны кыймылга келтирүү үчүн программаларды жазуу бир топ убакытты талап кылат. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Роботту кураштыруу оңой болгону менен аны кыймылга келтирүү үчүн программаларды жазуу бир топ убакытты талап кылат.
1/2
"Кожомкул" "кара жорго" менен "гангам стайл" бийлерин майын чыгара бийлейт.
2/2
Роботту кураштыруу оңой болгону менен аны кыймылга келтирүү үчүн программаларды жазуу бир топ убакытты талап кылат.

Лицейиндин окуу тарбия иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Эмил Рыскулов кыргызстандагы балдар да мүмкүнчүлүк түзүлсө, робот жасоо жаатында көптөгөн ийгиликтерге жетишет деп ишенет. 

"Мурда роботторду Япония менен Түштүк Кореядан гана көрүп келген болсок, эми ошол эле роботторду биздин балдар жасап жатышат", — деди ал сыймыктанганын жашыра албай.

Айткул менен Бекболот аларды робот жасоого информатика мугалими кызыктырганын айтып берди.

"Бир күнү эле агай жасалган роботту алып келди. Баарыбыз кызыгып калдык. Биз да ушундай кылсак деп жатып эле, робот жасаганга кызыгып кеттик", — дейт Макенов. 

Биз менен болгон маегинде жаш конструкторлор фантазияны колдонуп, бардык үлгүдөгү роботторду жасаса болорун айтышат.

Акыркы "Кожомкул" аттуу роботту чогултууга жабдыктарына эле үч миң доллардай каражат кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0