Карантин жарыяланган Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылындагы ит-мышыктар атылат

Жазылуу
Тогузунчу апрель күнү аталган айыл тургундарынын короосуна кутурган түлкү кирип, малды тиштеген. Айыл аймагында 170тей ит-мышык бар. Учурда малды эмдөө жана калкка түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Ок-дары маселеси чечилип калса, бир-эки күн ичинде айыл аймагындагы жолбун иттер атылып жок кылынарын Ак-Талаа районунун акиминин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылынан кутурма чыгып, карантин киргизилди
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылында жергиликтүү тургундардын бир музоосун жана коюн 9-апрелде түлкү иштеп, арткы буттарын жарадар кылган. Түлкү өлтүрүлүп, анын башы 10-апрелде Бишкек шаарындагы Республикалык мамлекеттик ветеринардык дарт аныктоо жана эскпертизациялоо борборуна кутурмага текшерүү үчүн жөнөтүлгөн. Экспертизанын жыйынтыгы 13-апрелде чыгып, түлкүнүн баш мээсинен кутурма оорусун козгогучу аныкталган. Аталган аймакка карантин киргизилди.

Сулаймановдун айтымында, айыл аймагында 170тей ит-мышык бар. Учурда малды эмдөө жана калкка түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле былтыр Жаңы-Тилек айылына малдын өлүктөрүн жок кылуучу биотермикалык аң жасалганын айтып, бирок ал толук бүтпөй калганын кошумчалады. Жаздын келиши менен биотермикалык аң толук жасалып, учурда кагаз иштери эле калган.

"Шек жараткан малды биотермикалык аңга алып келгиле деп элге айтып жатабыз. Түшүндүрүү иштери улантылууда", — деди ал.

Акимдин биринчи орун басары түлкү менен талашкан эки ит да көзөмлгө алынганын айтып, ок дарылар келип калса, алар да атып жок кылынарын билдирди.

Маалыматка ылайык, Ак-Талаа районунда алты ветеринардык инспектор, 18 айылда бирден ветеринардык сервис жана жеке мал доктурлар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0