Ош шаарына жаңы оорукана жана бейтапкана куруу пландалууда

Жазылуу
Ош шаарынын кичи райондорунун бирине кытайлык грантка оорукана жана бейтапкана куруу иши быйылкы жылы башталмакчы.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү менен менен жолугуп, шаардын "Ак тилек" кичирайонунда курула турган оорукана маселесин талкуулады. Бул туурасында шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Мэриянын тараткан маалыматына караганда, бул курулуш эки өлкө ортосундагы техникалык-экономикалык гранттык долбоорлордун эң ириси болуп калды. 

Эки тарап — Ош шаардык мэриянын өкүлдөрү, Кытайдын консулдук бөлүмү жана Кытайдын аткаруу комитети менен жолугушууларды көбүрөөк өткөрүп турууну сүйлөштү. 

"Ош шаарынын мэриясы виза жагынан колдоо көрсөтмөй болду", — деп билдирди маалымат кызматы.

"Оорукана гранттык каражатка курула тургандыктан, тендерди кытайлык тарап жарыялап, жумушчу күч да алардан болот. Пекинде тендер менен курулуш компаниясын да өздөрү тандарын айтышты", — деп билдирди Ош шаардык мэриясынын өкүлү Алтынбек Пирматов.

Курула турган комплекс 2,35 га аянтты ээлейт, ал 150 орундуу оорукана жана 200 кишини тейлей турган бейтапкана болот. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, курулуштун  баасы 42 миллион юандын (4,2 млн сом) тегерегинде. 

Жаңылыктар түрмөгү
0