Бир менчик бакчаны кайра мамлекетке кайтаруу бюджеттик 6 млн сомго турду

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүБалдар бакчасы. Архив
Балдар бакчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бала бакчаларды мамлекеттин менчигине кайтарып берүү боюнча ири "операция" Кыргызстанда 2014-жылдын декабрында башталган.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Мамлекеттин менчигине кайтарылган бир гана бала бакча үчүн анын мурунку ээсине бюжеттен 6 миллион төлөп берилди деп билдирет Кыргызстандын мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун юридикалык бөлүм башчысы Болот Мукашев.

Работа детского сада. Архивное фото. - Sputnik Кыргызстан
Арабөк калган бала бакчалар
Бала бакчаларды мамлекеттин менчигине кайтарып берүү боюнча ири "операция" Кыргызстанда 2014-жылдын декабрында башталган.

Мукашев түшүндүргөндөй, "азыр чынында бала бакчалардын мурдагы ээлери менен түзүлгөн келишимдер жоюлуп жатат, жана, мыйзамга ылайык, мамлекет аларга имараттардын сатык баасын кайтарып бериши керек".

"Качандыр бир кезде мамлекет алган ошол акчалар бюджетке келип түшкөн. Эми алар кайтарылып жатат. Зыян келтирилген жери жок", — деп баса белгиледи ММБФнын өкүлү.

Жалпысынан 2013-жылдан тартып өлкө боюнча 119 бала бакча мамлекеттик статусун кайра алышты. Азыр КРдин Каржы министрлиги мамлекттик бюджетке киргизилген компенсациялык төлөмдөрдүн жалпы суммасын аныктап жатат.

Sputnik кабарчысына берген маегинде вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 2013-жылдын декабрында өкмөт бала бакчалардын имараттарын мамлекеттин менчигине кайтаруу жөнүндө токтом чыгарганын белгиледи. 

"Кайтарылган бала бакчалардын 81и өзүнүн баштапкы багытында иштеп жатат, 19 имаратта калыбына келтирүү иштери жүрүп, ал эми 15 имаратты оңдоо үчүн каражат изделүүдө", — деди Ниязалиева.

Ал бүгүнкү күндө ведомстволук комиссия түзүлүп, ал 2015-жылдын аягына чейин иштей турганын кошумчалады. Аталган комиссиянын иши бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын инвентаризациялоо жана маалыматтарды тактоо менен байланышкан. 

Республикада бала бакчаларга байланышкан абал тууралуу Sputnik инфографикасынан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0