ӨКМ 17-18-апрелде үшүк жүрөрүн маалымдады

Жазылуу
Республиканын аймагында күн кескин сууктап, аптанын аягында Талас, Кемин, Ысык-Көл өрөөндөрүндө суук жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстанда 15-16-апрелде аба ырайы кескин өзгөрүп, аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолуу жерлерде кар түшөт. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 

Жазгы үшүк. - Sputnik Кыргызстан
Мартта жааган кар түштүктөгү мөмө-жемиш бактарын түшүмсүз калтырышы мүмкүн
Кыргызгидрометтин маалыматында, Талас менен Чүй дубандарында түнкүсүн +2, күндүзү +13 градустун тегерегинде болот. Республиканын түштүк аймагында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсү +3, күндүзү +16 градуска чейин түшөт.

Бул сапар да үшүк жүрүп, 17-18-апрель арасында Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Чүй облусунун тоого жакын райондорунда сууктун күчү —2, ал эми Ысык-Көлдүн кээ бир райондорунда —4 градуска чейин жетет.

ӨКМ аба ырайынын мындай өзгөрүлмөлүү абалы элет жеринде айыл чарба иштерин жүргүзүүгө, малды жайытка чыгарууга, ал эми шаарларда автокаттамдарды, байланышты жана энергетикалык, коммуналдык кызматтарды кыйындатарын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0