Бишкек – Ош жолу жүк ташуучу автоунаалар үчүн убактылуу жабылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Токто" жол белгиси. Архивное фото
Токто жол белгиси. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек – Ош жолу менен сапарга чыккан жүк ташуучу машиналарды жана жайкы дөңгөлөк менен жүргөн айдоочуларды жолго чыкпай турууну эскертти.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкек – Ош автожолунда оор жүк ташуучу автоунаалардын жүрүүсүнө убактылуу киргизилгенин ӨКМдин кризистик борбор башкармалыгынын жетекчиси Мухаммед Сваров Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Убактылуу чектөө аба ырайынын катаалдыгынан киргизилди.

Сваров ошондой эле жайкы дөңгөлөк менен жүргөн айдоочуларды жолго чыкпай турууну эскертти.

"Автожолдун 155-чакырымынан 128-чакырымына чейинки аралыкта кооптуулук бар. Биз жолго кум чачып жатабыз, бирок шамал учурган кар аны кайра эле басып салып жатат", — дейт Сваров.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жол кыймылына тоскоолдук кылбаш үчүн Бишкек – Ош жолундагы Ала-Бел жана Чычкан капчыгайындагы карды атып, көчүрүп түшүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0