Оштогу борбордук автобекет шаардын сыртына көчүрүлөт

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарындагы жол кыймылын жеңилдетүү жана шаардын экологиялык абалын жакшыртуу максатында, шаардык бийлик борбордук автобекетти шаардын сыртына көчүрүүгө камынып жатат.

БИШКЕК, 2-апр. – Sputnik. Ош шаарынын борборунда жайгашкан райондор аралык каттамдар боюнча маршруттук унаалар токтоочу эски автобекет калаа сыртындагы мамлекеттик автобекетке көчүрүлөт. Бул туурасында Ош мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Бул маселе шаардагы ага тиешелүү кызмат жетекчилеринин кеңешмесинде талкууланган. 

"Калаада пайда болуп жаткан жол тыгындары, райондор аралык жана шаарлар аралык таксилердин жол жээгине мыйзамсыз токтоп туруп алышы, жол эрежесин бузушу шаардын ичинде бир топ баш аламандыкты жаратып жатат. Ошондуктан, сырттан келген таксилерди, маршруттук каттамдарды бир жерге чогултуп баарын шаар сыртындагы автобекетке киргизүү пландалган. Планга ылайык, 10-апрелге чейин жаңы автобекетти оңдоп-түзөп, транспорттордун жайгашуучу жайын толук даярдоо иштери жасалат", — деди Ош шаарынын вице-мэри Кутманаалы Абдрахман уулу.

Вице-мэр атайын адистердин эсептөөсү боюнча Ош шаарынын ичинде жылына 860 тонна түтүн чыгарын, ал экологиялык жактан өтө чоң зыян экендигин айтты. "Автобекетти жылдыруу менен шаардын экологиялык абалын жакшыртабыз", — деди Кутманаалы Абдрахман уулу.

Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин жетекчиси Нурлан Курманбаевдин айтымына караганда жаңы автобекеттин ишке кирүүсү менен шаар ичиндеги маршруттук каттамдар да жылдырылат.

"Учурда №2 жаңы автобекет аркылуу жети маршруттук каттам өтөт. Ага жетпей, ХБКда жети маршруттук линиядагы кичи автобустар токтойт. Алардын да акыркы аялдамасын жаңы бекетке жылдыруу менен кошумча дагы маршруттук линиялары түзүлүп, жалпысынан 17 маршурттук каттам болот", — деди Нурлан Курманбаев.

Жаңы автобекеттин жалпы аянты 4 га. жерди ээлеп, ага 1500 кичи автобустар, 4000ден ашуун ар кандай жеңил унаалар батат. Адистер бүгүнкү күндө иштеп жаткан автобекет жеке менчик болгондуктан, мамлекеттик автобекетке көчүрүлгөн соң, экономикалык жактан да киреше көбөйөрүн белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0