Өзгөн районундагы жума намаз окулуучу мечиттерде түшүндүрүү иштери жасалууда

© Sputnik / Табылды КадырбековӨзгөн районундагы жума намаз окулган мечиттерде түшүндүрүү иштери жасалууда
Өзгөн районундагы жума намаз окулган мечиттерде түшүндүрүү иштери жасалууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республиканын аймагындагы жума намаз окулуучу мечиттерде экстремизмдин алдын алуу боюнча окуулар жүргүзүлүп, имамдарга мамлекеттик диний концепциянын маңызын элге жеткирүү тапшырмасы берилүүдө.

Түштүк аймактын имамдары жыйырма күндүк окуудан өттү
БИШКЕК,  31-мар. – Sputnik. Ош облусунун казысы Өзгөн районунун жума намаз окулуучу мечиттеринин имамдарына диний терс агымдардын жана экстремизмдин алдын алуу боюнча тажрыйбалар боюнча айтып берди. Бул туурасында Ош облустук казыятынын маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууга Өзгөн районунун баш имам хатиби Самидин Атабаев жана казыяттын кызматкерлери катышты. 

Жолугушуунун максаты катары ар түрдүү диний терс агымдардын жана экстремизмдин алдын алуу боюнча тажрыйбаларды имамдарга түшүндүрүү экендиги белгиленди. 

Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов Исламда бөлүнүүчүлүк Мазхаб маселесинде болуп жаткандыгын өзгөчө белгилеп, имам-хатибдерге мазхаб кармоонун зарылчылыгы боюнча кеңири түшүндүрдү. 

"Эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө жоопкерчиликтүү мамиле жасап, Жума хутбаларында мамлекеттик диний концепциянын маңызын да элге жеткириш керек", — деди  Ниязали ажы Арипов

Мындан сырткары имамдардын диний объектилерди каттоодо жана терс иш-аракеттердин алдын алууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз иштөөсү милдеттендирилди. 

Мындай иш-чаралар башка райондордун жума намазы окулган мечиттеринин имам-хатибдери менен да өткөрүлмөкчү.

Буга чейин Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы тарабынан "2020-жылга чейинки КРдин диний саясатты ишке ашыруу концепциясынын" алкагында Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынан келген жыйырма имам  билим деңгээлин жогорулатуу боюнча 20 күндүк окуудан өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0