"Ала-Арча" резиденциясында март жана апрель окуялары боюнча илимий-конференция өтөт

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOСитуация в Кыргызстане.
Ситуация в Кыргызстане. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимий-конференцияга бийлик өкүлдөрү катышып, март жана апрель окуяларынын чыгышы, себептери жана андан кандай сабак алуу керектиги боюнча окумуштуулар өз пикирлерин билдирет.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. "2005-жылдагы март жана 2010-жылдагы апрель элдик революциялары: себептери жана натыйжалары" аттуу темадагы илимий-практикалык конференция өтөрүн президенттин маалымат кызматы билдирди.

Аталган иш чара 2005-жылдагы элдик революциянын 10 жылдыгына арналып, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөт.

24-март иш күнү экенин министрлик эскертти
Конференцияга Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Жоомарт Оторбаев, президенттин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар, коомдук ишмерлер жана март, апрель окуяларынын катышуучулары катышат.

Бул илимий-практикалык конференция Кыргызстандагы март жана апрель революциясынын себептерин, кесепеттерин жана анын сабактарын үйрөнүү боюнча окумуштуулардын пикирлерин билүү максатында өткөрүлүүдө.


Жаңылыктар түрмөгү
0