Ветеринардык лабораториялардын аккредитация маселеси ордунан жылды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЛаборатория. Архив
Лаборатория. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуусу алдында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттигинин ветеринардык тармагындагы биринчи лабораториясы аккредитациядан өттү.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун химико-токсикология жана ветеринардык-санитардык экспертиза боюнча лабораториясы алгачкы аккредитациядан өттү. Бул туурасында Экономика министрлигини маалымат кызматы билдирди.

Лаборатория ИСО/МЭК 17025:2005 эл аралык стандартына ылайык каттоодон өттү. 

Работа лаборатории. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда аккредитациядан 92 лаборатория өттү
Бул аккредитациялоо сүттүн түрлөрүн, эттин бардык түрлөрүндө, канаттуулардын этинде жана малдан алынган чийки заттарынын түрлөрүндө антибиотиктин бар, жоктугун аныктайт. Антибиотиктердин калган санын жана микробдорго каршы химиотерапевттик заттарын аныктоо тармагында тиешелүү талаптарга боюнча жана Бажы биримдигинин техникалык регламенттеринин да талаптарына ылайык сыноо жүргүзүүгө техникалык компетенттүү болот. 

Ветеринардык лабораторияны аккредитациядан өткөрүү бул сыноо лабораторияларын Бажы биримдигинин талаптарына даярдоо боюнча жасалып жаткан кадамдардын бири.

Ошондой эле Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун вирусологиялык лабораториясын, андан сырткары Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдү химизациялоо жана коргоо департаментинин Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча борбордук лабораториясын аккредитациядан өткөрүү боюнча керектүү иштер жасалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0