Айрым кесип ээлеринин айлык акысы 1-апрелден баштап жогорулайт

Жазылуу
Апрелден баштап аскер кызматкерлеринин айлык акысы жогоруласа, май айынан тарта мамлекеттик эмес кызматкерлердин жана социалдык кызматкерлердин айлык акысы жогорулайт.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. 2015-жылдын 1-апрелинен тарта аскер кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу үчүн жалпысынан 170 миллион сом каралганын Каржы министри Ольга Лаврова бейшембидеги маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 1-майдан тарта мамлекеттик эмес кызматтарда иштегендер – гидрометрология, Айлана-чөйрө жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенттиктин кызматкерлеринин айлык-акысы да жогорулайт.

"Мамлекеттик эмес кызматкерлердин категориясына кирген үй-интернаттарынын кызматкерлеринин айлыгы 50 пайызга жогорулайт. Бул үчүн 70 миллион сом каралган. Суу чарбасында иштегендердин айлыгы буга чейин жогорулагандыктан, алардын маянасына бир аз гана жогорулайт", — деди Лаврова.

Министр ошондой эле, учурда мугалимдердин, бала бакчалардын тарбиячыларынын, спорт мектептеринин машыктыруучулары жана музыкалык мекемелердин мугалимдеринин айлыгын көтөрүү каралып жатканын кошумчалады. Орто мектептин мугалимдеринин жана бала бакчалардын тарбиячыларынын айлыгын жогорулатуу үчүн 2-3 миллиард сом керектелет.

Лаврова май-июнь айларында өлкөнүн ЕАЭБке кошулуусунан улам айлык-акыларды жогорулатуу боюнча бюджетке киргизиле турган түзөтүүлөр парламентте карала турганын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0