ИИМ "Коопсуз шаар" боюнча тендердин жыйынтыктарына каршылыгынын себебин түшүндүрдү

© Sputnik / Алексей Панов / Медиабанкка өтүү"Коопсуз шаар" долбоору
Коопсуз шаар долбоору - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Коопсуз шаар" тендеринин жеңүүчүсү "Стилсофт Бишкек" ЖЧК коюлган критерийлердин баарына толук жооп бербейт деп эсептешет ИИМда.

Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Комиссиянын "Коопсуз шаар" боюнча чечимин коргойм — Абдирасулова
БИШКЕК, 14 мар — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги "Коопсуз шаар" долбоору боюнча конкурстун жыйынтыктарына каршы сотко арыз берүүгө ниеттенүүдө деп билдирди министрликтин маалымат кызматы.

Ведомстводо "КРде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" мыйзамга ылайык калыстык болушу үчүн ИИМ тендердик комиссияын ишине кийлигишкен эмес. Муну аталган комиссиянын айрым мүчөлөрүнүн айткандары да тастыктап турат.

Алдын ала тандоонун натыйжасы боюнча талапкерлердин үчөө гана (Shenzhen Topform Computer Tehnology Co. Ltd, Dessa International S.R.L. жана Ozone Iletişim Teknolojileri) өкмөттүн буйругу менен бекитилген критерийлерге туура келери аныкталган. 

"Калган беш компания, алардын ичинде "Стилсофт Бишкек" ЖЧК, жеке өнөктөш МЖӨ алкагында долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасы болушу керек деген негизги критерийге жооп беришкен эмес", — деп түшүндүрүштү ИИМдан.

Ведомстводо "Стилсофт Бишкек" ЖЧК тендендин экинчи баскычына киргизилген, жана бул факт тендерди өткөрүү тартибин бузгандык деп бааланып Кылмыш жаза кодексинин "Ачык сатууларды, аукциондорду же тендерлерди өтөкрүү тартибин бузгандык үчүн” 189-беренеси боюнча кылмыш жаза жоопкерчилигине алып келиши мүмкүн деп кошумчалашты.

"Комиссия мүчөлөрү эксперттик топтун талдоолорун жана мамлекеттин каржылык тобокелдердиктерин болтурбай турган пайдалуу сунуштарды берген башка компанияларды эске албай туруп, "Стилсофт Бишкек" ЖЧКны жеңүүчү деп жарыялашты", — деп баса белшилешет министрликте.

Белгиленгендей, мыйзам боюнча ИИМ башчысы Мелис Турганбаев долбоор боюнча макулдашууга кол коюшу керек.

"Аталган долбоордун олуттуу маанисин жана чоңдугун түшүнүү менен, Турганбаев долбоор мыйзам үстөмдүгү принцибинде гана ишке ашырылып, мамлекетти да, өлкөнүн ар бир жаранын да негизсиз каржы коопчулуктарына алып келбеши керек деп эсептейт", —деп белгилешти ведомстводон.

ИИМ: "Коопсуз шаар" боюнча тендер жокко чыгарылышы мүмкүн
Ошондой эле министрликте Турганбаев комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү жаңылган болушу мүмкүн деген ойдо, себеби айрым компанияларга, анын ичинде тендердин жеңүүчүсүнө терс мүнөздөмө берүүчү олуттуу документтер комиссиядан жашырылган факттар аныкталды деп билдиришти.

"Коопсуз шаар" сыяктуу ири долбоор боюнча процесстер ачык-айкын жүрүшүнө кызыга тургандыгын ИИМ кабарлайт.

"Коопсуз шаар" МЖӨ долбоору боюнча тендердин жеңүүчүсү үстүдөгү жылдын январында тендердик комиссия тарабынан аныкталган. Биринчи орун "Стилсофт Бишкек" компаниясына, экинчиси Молдованын Dessa International S.R.L. фирмасына, үчүнчү орун Швейцариянын Anteo worldwide компаниясына тийген.

"Стилсофт Бишкек" кыргыз-россиялык компания деген аталышта "Стилсофт МЖӨ" россиялык өнөктөштөр "Стилсофт" ЖАК жана "Спецстройбезопасность"ААК менен бирге консорциумду түзөт. 

"Коопсуз шаар" долбоорун үч жылда Бишкек жана Ош шаарларында, Бишкек — Каракол жана Бишкек —"Манас" аэропорту жолдрунда ишке ашыруу пландалып жатат. Видео көзөмөл камералары жол кесилиштеринде гана эмес, унаа токтоочу жайлар менен эс алуучу жерлерде да орнотулмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0