Бүгүн Долондо кар көчкүнү атып түшүрүү иштери жүргүзүлөт

© Sputnik / Владимир Иванов / Медиабанкка өтүүОбстрел лавин на Транскавказской магистрали
Обстрел лавин на Транскавказской магистрали - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республика боюнча тоолуу жолдор менен ашуулардагы карды түшүрүп жүргүзүү иштери жүргүзүлөт

Бишкек, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында, Бишкек-Талас унаа жолунун Өтмөк ашуусунда, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 284-295-300-308-жана 353-355-чакырымдарында буга чейинки жааган кардан улам көчкү түшүп, күрткү пайда болуусу күтүлөт. 

Ушундай кооптуулук Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында, Каракол — Эңгилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында, Казарман — Акталчат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында, Миң-Куш — Арал унаа жолунун 1-19-чакырымдарында да сакталууда. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. 

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл. Казарман — Акталчат унаа жолундагы 67-94-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2015-жылдын 26-февралынан 5-мартына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайылап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Буга байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, премьер-министрдин буйругу менен кырсыктын алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатат. 

Жогорудагы буйрукту аткаруу максатында Балыкчы шаарынан чыккан Коргоо министрлигинин артиллериялык тобу жана ӨКМдин ыкчам тобу Нарын шаарындагы №92546 аскердик бөлүгүнө жайгаштырылды.

Дүйшөмбү, 2-мартта ыкчам топ Бишкек – Нарын — Торугарт унаа жолунун Долон ашуусундагы жана Арал — Миң-Куш унаа жолундагы кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактарда, карды атып түшүрүү иштерин жүргүзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0