Арабөк калган бала бакчалар

© Sputnik / Александр Кожохин / Медиабанкка өтүүРабота детского сада. Архивное фото.
Работа детского сада. Архивное фото. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арабөк калган бала бакчалар учурда республиканын ар бир аймагында кездешип, анын андан аркы тагдыры өкмөттүн колунда турат. Ал арада мээнетин жумшап, чуркап жүрүп айылда бакча ачкан педагогдордун шаабайы сууп отурган чагы.

БИШКЕК, 21-фев — Sputnik. Кызматкерлерине айлык төлөнүп берилбегендиктен, Кыргызстанда бала бакчалар чекесинен жабыла баштады. 17-февралдан тарта Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүндөгү Күмүш-Азиз айылындагы бала бакча мамлекет тарабынан каржыланбагандыктан өз ишин токтотту. 

Демөөрчүлөр, эл аралык уюмдар жана айылдын жашоочуларынын каражатына курулган бала бакчаларды каржылоо маселеси чечилбей, арабөк жолдо калууда. Жакшы саамалык менен ачылган бала бакчалардын персоналдары алды бир жыл, арты бир нече айдан бери айлыксыз иштеп келе жатат. Акыркы алынган маалыматтарга караганда, мындай бала бакчалардын кызматкерлерине төлөнбөгөн карыз республика боюнча 223 миллион сомдун тегерегинде экен.

Каржылоо маселесин көтөрүп чыккан депутаттарга өкмөт конкреттүү жооп айта албай келгендиктен, 2014-жылдын айлык акылары боюнча суроо ачык бойдон калууда.  

ЖК депутаты Абдулатип Режевалиевдин айтымында, республика боюнча жергиликтүү элдин күчү, демилгеси менен бүтүп, бирок, мамлекет тарабынан каржыланбай калган бала бакчалар арбын. Бир эле мисал, Жалал-Абаддын Сузак району боюнча жаңы 9 бала бакча ачылып, азыр арбыны акча төлөнбөгөндүктөн жабылып калуу алдында турат. 

"Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча мектепке чейинки 35 билим берүү мекемелери болсо, анын 12си быйылкы жылдагы каржылоого кирбей калыптыр. Жаңы 9 бала бакча ачылып, кызматкерлери бир жыл бою айлык акысы жок, мамлекет тарабынан каржыланбай иштешкен. Алар Сузак Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө ачылган Ак-Ниет, Алтын-Уя, Кара-Дарыя айыл өкмөтүндөгү – Үмүт, Көпөлөк, Багыш айылындагы — Айнуру, Ырыс айылында – Ромашка, Барпы айыл өкмөтүндөгү – Жеткинчек,  Кыз-Көлдө – Жетиген, Сузак айыл өкмөтүндө – Байчечекей-2  бала бакчалары ушундай абалда турат", — деди Режевалиев. 

Депутаттын айтымында, колунан келген каражатты айыл өкмөт менен эл төлөп берген, бирок, карыздын чети дагы деле оюлбай турат. Режевалиев жогорудагы бала бакчалардын кызматкерлерине айлык акы боюнча жалпы карыздын суммасы 4 миллион 945 миң сом болсо, анын 612 миңин айыл аймактар жана ата-энелер тарабынан төлөнүп берилгендигин билдирди. Учурда  төлөнбөгөн 4 миллион 331 миң сом карыз турат. 

"Бул боюнча өкмөткө кайрылганбыз, ал эми Каржы министрлиги акча жок деп карабай, ошентип, каржылоого быйыл да кирбей турат. Бул маселени мен күзүндө көтөргөндө, өкмөт жыл аягына чейин төлөп бергенге убада кылган… Бир нече депутаттар биригип, дагы көтөрүп, быйылкы, былтыркы карызды бюджетке киргиздирүүгө аракет кылып жатабыз", — деди Режевалиев. 

"Мээнет менен ачып алган бакчабыз, айласыздан жабылып калды" 

Бала. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Бакча ачылды, бирок балдарды кабыл албайт деп нааразы болууда көлдүктөр
Өкмөт ойлонуп, каржы министри толгонгуча жакшы саамалык менен ачылган Сузактын Күмүш-Азиз айылындагы 75 орундуу бала бакча ачылгандан бери иштеп келе жаткан кызматкерлерине айлык төлөнбөгөндүктөн жабылып калды. Бул туурасында бизге Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүндөгү Күмүш-Азиз айылындагы бала бакчанын жетекчиси Урматхан Авилова күйүп-бышып айтып берди. 

Алгач бул имарат мурда союз маалында бала бакча болуп сонун иштеп туруп, кийин  кыздардын медресесине айланган. Жогорку Кеңештин  токтому, прокуратуранын чечими менен имарат кайрадан бала бакча үчүн кайтарылып берилген. Буга кубанган айыл өкмөт 250 миң сомго капиталдык ремонт жасап, БУУнун Өнүктүрүү программасынан 338 миң сом жардам каралган. Балдары көчөдө калбагындыгына кубанган жергиликтүү эл өзү 140 миң сомдук жабдыктарды алып берген. 

"Жабылганыбызга бүгүн төртүнчү күн болду. Көп жерде иштегем, бирок, Кыргызстанда мындай болгонун көргөн эмесмин. Бала бакча ушунча мээнет менен ачылды эле, жок жерден бар кылыш кыйын го. Айыл өкмөт кыйналды, БУУнун Өнүктүрүү фондусуна чуркап акча табыш мен үчүн канча кыйын болду, эл да өз жанынан тыйын чогултту эле.  14 ай иштедик. Жабылып калганда, балдарды үйлөрүнө жөнөтүп жатканда абдан капаланып ыйладым, балдар бакчасыз калды. Андай кылбайын десем, колуңдагы иштеген кишилерге айлык бербеген жаман нерсе экен, жоопкерчилигин алгам да. Эми азыр кайсы жерге барып башыбызды урушту билбей отурабыз. Башында акча бөлүнөт деп ойлогом. Биз Сирия же башка мамлекет эмеспиз, Кыргызстанда мыйзам бар го. Айылдын бөбөктөрү жайында чаңда, кышында ылайда ойноп жүргөндө  өкмөт колдойт деген ишеним менен демилгени көтөрүп, бакчаны ачтык эле. Эми ушундай абалда калдык", — деди Урматхан Авилова.

Бакчаларды республикалык бюджетке киргизүү — абалдан чыгуунун жолу  

ЖК депутаты Эльмира Жумалиева  абалдан чыгуунун жолу катары өкмөт бирдиктүү бир саясат жүрүгүзүп, бала бакчаларды республикалык бюджетке алып же дагы башка варианттарын тез  арада караштыруу зарылдыгын айтат. 

"Бала бакча деп ыйлап келебиз, айыл өкмөттөрү аларды өздөрү уюштуруп жатса, каражат жок иштебей, бош турат. Талас районундагы Калба, Кызыл-Туу, Жерге-Тал айылындагы бакчалар ушундай абалда турат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн биздин өкмөт бирдиктүү бир саясат жүргүзүп, бала бакчаларды республикалык бюджетке алышы керек. Же андай жолго барбаса, дотацияда отурган айыл өкмөттөр бар, ошолордогу салыктар аркылуу өз ара эсептеп, чечиш керек. Мисалы, айылдагы салыктар 10 пайыз болсо аны 15ке көтөрүп, анын эсебинен каражатты чегерип, жолун табыш керек. Бул боюнча өкмөткө тапшырма бердик", — деди Жумалиева.

Ниязалиева: 94 бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды
Каржы министрлиги: өкмөт чечим чыгарса, бюджетке өзгөртүү киригизип, каражат бөлүнөт

Бул боюнча Каржы министрлигинен азырынча республикалык бюджеттен каражат каралбагандыгын, бирок, өкмөт тарабынан тиешелүү чечим чыкса, бул маселе эртеби-кечпи чечилээрин айтышты. 

Аталган министрликтин маалымат кызматынын жетекчиси Назар Малаевдин айтымында, мындай бала бакчаларга болжол менен 2015-жылга эсептей келгенде,  300 миллион сомдун тегерегиндеги каражат керектелет. 

"Бала бакчалардан Каржы министрлиги баш тарткан жокпуз, бул жерде тиешелүү процедуралар бар, мыйзам чегинде баарын карап бекитип алышыбыз керек. Бизде республикалык бюджетте турган бала бакчаларына 1 миллиард сомдон ашык каражат сарпталат. Жаңы курулуп жаткан балдар бакчалар башында жергиликтүү бюджеттен каржыланып баштаган, эми  аларды жергиликтүү бюджеттен толугу менен республикалык бюджетке өткөрүлүп берүү жаатында маселе коюлуп жатат. Бул боюнча өкмөт деңгээлинде атайын чечим чыгып, бизге тиешелүү тапшырма берилгенден кийин, бюджетке киргизилип, каражаттар такталат. Курулган ар бир балдар бакчасы билим берүү мекемеси болуп эсептелгендиктен, ал толук эсеп-чотко алынып, Билим берүү министрлиги аркылуу кошумча чыгашалары сметага киргизилип, анан бюджетке отургузулушу керек болучу. Тилекке каршы, былтыр бул маселе эмнегедир каралбай, бюджетке кирбей калган. Азыр бул боюнча Билим берүү менен Каржы министрликтеринин ортосунда иш жүрүп жатат… Айтайын дегеним, бул маселе өкмөт тарабынан оңунан чечилип, тиешелүү чечим чыгып кала турган болсо, жакында бюджетке өзгөртүүлөр киргизилет, ошондо кошумча каражат каралып, каржыланат, ал эми мөөнөтүн так айта албайм",  — деди Назар Малаев.

Мындай абалда калган бала бакчалар Ысык-Көл облусунун райондорунда, тактап айтканда Сары-камыш, Чоң-Сары-Ой айылдарында да кездешет. 

Буга чейин Sputnik Ысык-Көл  районундагы Ысык-Көл областына караштуу Кашат айылынын тургундары жаңы ачылган бала бакча каржыланбай жаткандыгын, айылдыктар түрдүү инстанциялардын эшигин каккылап, бирок оң жооп ала албай жаткандыгын жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0