ЕЭК инспекторлору КРдеги ветеринардык жана фитосанитардык абалды текшерет

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүГорное пастбище в Суусамырской долине. Архивное фото.
Горное пастбище в Суусамырской долине. Архивное фото. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанга ЕЭК жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн келген 18 инспектор беш багытта иштеп, КРдеги ветеринардык жана фитосанитардык абалды текшерет.

Бишкек, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстанга Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция өкүлдөрү менен 5 багытты биргелешкен түрдө инспекциялоо үчүн ЕЭК жана ЕАЭБге мүчө болгон Россия, Казакстан, Беларусь жана Армениядан 18 инспектор келди. 

Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев Евразиялык экономикалык комиссиянын жана Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу орган өкүлдөрү менен ветеринариядагы стандарттарды шайкештөө маселесин талкуулады. 

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстандын тышкы чектери ЕАЭБдын тышкы чектери болуп калууда. 

"Буга байланыштуу биз өзүбүзгө ЕАЭБ кабыл алынган стандарттарга ылайык милдеттенмелердин толук спектрин алуудабыз. Биз бул ишти эң жогорку деңгээлде аткара алаарыбызга күмөнүбүз жок", — деди ал.

Эл аралык инспекторлор КРде беш багытта иштешет

Кыргызстанга келген инспекторлор негизинен беш багытта иш алып бармакчы. 

Инспекторлордун бир тобу Кыргызстандын келечекте мал-чарбачылык продукциясын экспорттоону пландаштырган ишканаларын текшерет. 

Работа ФГУП Антидопинговый центр - Sputnik Кыргызстан
Сертификациялоо боюнча лабораториялар майга чейин даяр болушу керек дейт премьер
Экинчи топ Кыргызстан аймагындагы малдын өзгөчө кооптуу ооруларына карата эпизоотикалык абалын баалоо жана өлкөнүн тийиштүү органдары тарабынан мындай оорулардын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча кабыл алынган чаралардын натыйжалуулугун баалоо ишин жүргүзөт. 

Кыргызстандын лабораториялык тармагынын ишине үчүнчү топ баа берет. 

Төртүнчү топ Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын материалдык-техникалык абалы жана алардын жабдылышын текшерүүгө алат. 

Бешинчи топ Кыргызстандын аймагындагы ветеринардык багыттагы дары-дармек каражаттарынын жүгүртүлүшүн көзөмөлгө алуу тутумуна баа берет, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринардык каражаттарды сертификатташтыруу борборуна барат.

Лабораториялар маселеси Россиялык каражаттын эсебинен чечилет

Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияларды экспорттоо боюнча учурда бир топ иштер жүрүп жатат.

"Биз тараптан 3-5 жылдан бери өндүрүүчүлөрүбүздүн продукциясын Бажы биримдиги, Бирдиктүү экономикалык аймакка кирген өлкөлөргө экспорттоо боюнча иш жүргүзүлүүдө. Биздин ишкерлер коюла турган талаптар менен таанышкан, бирок, азырынча продукция стандарттарга жооп берет деп айтуу кыйын. Инфраструктураны тийиштүү жабдуулар менен жабдуу максатында биз Россия жана Казакстандан финансылык көмөк алуудабыз. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук жаатындагы адистер менен тажрыйба алмашуу зарыл », — деди Оторбаев.

Экономика миинстри Темир Сариевдин айтымында, КРдеги лабораторияларды Бажы биримдигинин нормаларына ылайыктап кайра жабдыш үчүн 28 млн. 800 миң доллар талап кылынат. Анын айтымында учурда республика боюнча 80ден ашуун сынак лабораториялар бар. Алардын 30дан ашууну – азык-түлүктөр продукциялары боюнча иш алып барган жайлар. Кыргызстан лабораторияларды жаңылоо, жабдууларын жакшыртуу боюнча Россиядан келе турган 200 миллион доллардын эсебинен чечүүнү пландап жатат. Жакынкы арада КР жабдыктарды сатып алып келип, орнотуп, персоналды алар менен иштөөгө үйрөтөөрүн өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев Sputnik маалымат сайтына берген маегинде айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0