КРде үйлөнүү кортежинин узундугу жана авто жарыштар үчүн жаза колдонулат

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүСвадьба на Воробьевых горах
Свадьба на Воробьевых горах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, үйлөнүү кортежи беш машинадан ашык турса, ошондой эле унаа жолдорунда жарышкандык үчүн айып салынат. Унааны мас абалында айдагандык үчүн да жаза катууланат.

БИШКЕК, 18-фев — Sputnik. Кыргызстанда үйлөнүү кортежинин узундугу жана авто жарыштар үчүн жаза колдонулат.

Президент Алмазбек Атамбаев Кылмыш жаза, Кылмыш жаза-процессуалдык жана Административдик кодекстерге толуктоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабыл алынган жаңы мыйзамга кол койду. 

ЖЖЭ бузгандагы үчүн айып төлөмдөрдүн көлөмү
Биринчи кезекте мыйзам КРде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтүүгө багытталган жана унаа каражатын айдоо укугунан ажыратуу түрүндөгү кошумча жазалоонун жаңы түрүн киргизүүнү карайт. Жазанын бул түрү Кылмыш жаза кодексинин 281-"Коопсуздук кыймыл эрежелерин жана унаа каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузгандык" беренсинде каралган кылмыштарды жасаган учурда колдонулат.

Атап айтканда, ичимдик, баңги зат жана башка заттан мас абалында кылмыш жасоо, унаа каражатын башкарып бара жаткан адамдын жол кырсыгы болгон жерден кетип калышы сыяктуу квалификациялык белгилерди киргизүү каралган.

Мындай тартип бузгандык үчүн айдоочу унаа каражатын башкаруу укугунан бир жылдан үч жылга чейин ажыратылышы мүмкүн. Айдоочу мас абалында болсо, анын күнөөсү менен болгон жол кырсыгы адам өлүмүнө алып келсе, ал жети жылдан он жылга чейин эркинен жана бир жылдан үч жылга чейин унаа каражатын башкаруу укугунан ажыратылат.

Ошондой эле Кылмыш жаза кодексинин мыйзамына "Автохулигандык" деп аталуучу 249-1-берене киргизилет. Анда коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын көз көрүнө бузуп, автоунаалар менен куушуп, унааны ар түрдүү нерселерди көрсөтүү менен башкарган айдоочуларга карата, ошондой эле беш машинадан көп үйлөнүү кортежин уюштургандык үчүн айып салынат. Мындай тартип бузуулар үчүн 30дан 50гө чейинки эсептик көрсөткүчтөгү административдик айып салынат.

ЖКК кызматкерлерине автоунааларды негизсиз токтоткондук үчүн айып салуу сунушталууда
Эскертүүдө бештен ашык унаа каражатынан турган колонна менен жүрүүгө өкмөттүк кортеждин жана делегациянын курамында; ыйгарымдуу мамлекеттик органдын автоунаасын жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу максатында коштоочу колоннада; маркумду узатуу процессиясында; жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарымдуу мамлекеттик органдын уруксаты менен жүрүүгө болот деп белгиленген.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 14-январында кабыл алынган. Мыйзам долбоорун кароодо депутаттар "автохулиганчылык" түшүнүгүнүн чечмеленишине нараазы болушкан.

Депутат Дастан Бекешевдин пикиринде, "мыйзамдар ачык-айкын жазылбаган учурда, ченем да коррупциялуу болуп калат". Мамлекеттик жана сөөк коюу кортеждерине чек коюлбай, үйлөнүү процессияларына гана тыюу салынганы аны наразы кылган.

Буга ошол кездеги адилет министри Алмамбет Шыкмаматов маркумду узатуу жана өкмөттүк кортеждер жол-күзөт кызматынын коштоосунда жүрөт, ал эми үйлөнүү кортежи жолдордо кооптуу жагдайларды жаратып, ал эмес кырсыкка алып келген учурлар көп болот деп жооп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0