Жалал-Абадда 800дөн ашык мал күйдүргү дартына каршы эмделди

© AFP / Vyacheslav OseledkoПерегон скота на Джайлоо
Перегон скота на Джайлоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абад облусунда 800дөн ашык мал күйдүргү дартына каршы эмделди.

Күйдүргү оорусу. Карантин. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Майлуу-Суудагы ооруканада жаткандардын ичинен бир адамдан күйдүргү табылды
БИШКЕК, 17-фев — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык ветеринардык кызматынын жана санитардык-эпидемиялогиялык станциясынын кызматкерлери тарабынан 481 баш кой-эчки, 357 уй, эки жылкы, төрт эшек, үч ит күйдүргү дартына каршы эмделг. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы Көк-Таш айыл аймагында 5-февраль күнү Майлуу-Суу шаардык ооруканасына 7 адам күйдүргү оорусуна шектелип жаткырылган. Учурда алардын абалы жакшы, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Такталган маалыматтарга ылайык, 2015-жылдын 24-январында Көк-Таш айылынын Южная көчөсүнүн №46 үйүнүн тургуну Сайбидин Мурзалиевдин малын кошуналары союшуп, 36 кожолукка таркатышкан. Союлган малдын этинен күйдүргү дартын аныктоо максатында Ноокен райондук ветеринардык лабораториясына жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгы 11-февралда чыгып, малдын этинен күйдүргү дартынын козгогучу табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0