"Чексиз репортёрлордун" басма сөз эркиндиги боюнча рейтинги КРге 88-орун берди

Жазылуу
Өткөн Кыргызстан 97-орунду, ал эми 2013 жана 2012-жылдары 106-орунду ээлеген. 2010-жылга чейин өлкө 110-саптан жогору көтөрүлгөн эмес. Республиканын рейтинги 2010-жылы эң төмөн болуп, мүмкүн болгон 173 орундун ичинен 153-орун тийген.

БИШКЕК, 13-фев — Sputnik. Кыргызстан "Чексиз репортёрлор" уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча жыл сайын жүргүзүүчү рейтингинде 2015-жылы тогуз орунга көтөрүлүп, 88-сапты ээледи. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында жарыяланган.

Өткөн жылы Кыргызстан 97-орунду, ал эми 2013 жана 2012-жылдары 106-орунду ээлеген. 2010-жылга чейин өлкө 110-саптан жогору көтөрүлгөн эмес. Республиканын рейтинги 2010-жылы эң төмөн болуп, мүмкүн болгон 173 орундун ичинен 153-орун тийген.

"Чексиз репортёрлор" Кыргызстанды ЖМКларда кенен плюрализм мүнөздүү болгон жана мамлеттик цензура төмөн мамлекеттердин тобуна киргизди.

Бардыгы болуп быйылкы рейтингде 180 өлкө катышкан. Анда Биринчи үч орунду Финляндия, Норвегия жана Дания ээлеген. Ал эми акыркы орундарда Эритрея, Түндүк Корея, Түркмөнстан бар.

Борбордук Азиядан Казакстан 160-орунду, Өзбекстан 166-орунду, Тажикстан 116-орунду ээлейт.

Баяндама "Чексиз репортёрлор" уюмунун шериктештерине жана дүйнө бонча алардын 130 кабарчысына, ошондой эле журналисттерге, изилдөөчүлөргө, юристтерге жана адам укуктарын коргоо кыймылдарынын активисттерине жиберилген сурамжылоого негизделген.

Анкетада журналисттер менен жалпыга маалымт берүү каражаттарына каршы түз аракеттер жөнүндө, ошондой эле басма сөз эркиндигине көрсөтүлүүчү кыйыр кысым көрсөтүү булактары тууралуу суроолор камтылган болчу. Аталган рейтинг басма сөз эркиндигине карата гана жүргүзүлүп, жалпы журналистиканын сапатын баалоого тиешеси жок. 

"Журналистер" коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев Кыргызстандын рейтингинин көтөрүлүшүн мамлекеттик органдар менен саясатчылардын иш-аракети мурдагыдан ачык болушу менен байланыштуу деп белгиледи.

"ЖМКлардын мурдагыга караганда, айрыкча 2010-жылга чалыштырганда маалымат алуу мүмкүнчүлүгү бир топ кеңейди", — дейт КБ башчысы.

Токоев азыркы учурда ЖМКларга каршы чуугалаңду усот иштери жок экендигин кошумчалады.

"Алар болсо да, айрым бир деңгээлде журналисттер өзүлөрү күнөөлүү. Алар тараптан маалыматты анча туура эмес берген учурлар болот", — деп белгиледи эксперт.

Жакшы натыйжаларга карабай, жалпыга маалымат каражаттарында атайын тапшырык боюнча жазылган материалдарга каршы күрөшүп, ошондой эле ЖМКлардын көрсөткөн таасирин жогорулатуу зарыл деп белгиледи Токоев.

Жаңылыктар түрмөгү
0