ЖК депутаттары келерки аптада Онкологиялык борборго барат

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание министерства здравоохранения Кыргызской Республики
Здание министерства здравоохранения Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКнын бир нече депутаттары Онкологиялык улуттук борбордун азыркы абалы менен келерки аптада барып таанышып келүүнө пландап жатышат.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Республика боюнча улуттук макамы бар жападан жалгыз Онкологиялык борбордо абал өтө кыйын абалда экедигин депутаттар менен болгон жолугушууда аталган оорукананын бейтаптарынын бири Айнура Кочкорбаева айтып берди. Бул жолугушуудан кийин депутаттар келерки аптада Онкологиялык борбордун абалынан кабар алууну пландап жатышат.

Бейтаптардын айтымында, палатанын тартыштыгынан бир палатада 10-15тен бейтап жатат, ремонт иштери жүрүп жаткандыктан ар дайым курулуштун ызы-чуусу коштолуп, андан сырткары санитардык абал сакталбаган.

"Мындай жагдайлардын чечилиши боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилерине кирип, маселе койгонубуз менен эч кандай майнап чыкпай келет", — деди ал депутаттарга. 

Депутат Эркингүл Иманкожоева Онкологиялык борбор кризистик абалда экендигин айтса, дагы бир эл өкүлү Майрамгүл Тиленчиева химиялык терапия бекер жүргүзүлөт делгени менен буга чейин оорулуулардан 600 сомдон алып келгендигин билдирди.

Онкоборбордо кыйын кырдаал түзүлгөнүнө токтолгон депутат Элмира Жумалиева бул ооруканада реанимация бөлмөсү кадимки палата экенин, оорулуулар кыйын абалда дарыланып жатканын кошумчалады.

Ал эми Социалдык саясат комитетинин төрагасы Эркин Сакебаев азыркы тапта тиешелүү маалыматтарды топтоп жатканын айтып, алдыдагы аптада Онкологиялык борбордун абалынан кабар алуу планы турганын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0