03:21 18 Баш оона 2017
Түз эфир
Состоялась церемония открытия нового здания Генеральной прокуратуры

Салянова: президент мени коргой алган жок, же аны каалаган жок

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын маалымат жыйыны (7)
17820

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова отставкага кетүү жөнүндөгү жазган арызынын себептерин айтып, ага карата коркутуу, шантаж жана далилсиз айыптоолор болгонун билдирди.

БИШКЕК, 11-фев — Sputnik. "Президент мени коргой алган жок, же аны каалаган жок", — деген билдирүүнү бүгүн Бишкекте болгон маалымат жыйында мурдагы башкы прокурор Аида Салянова билдирди.

Анын айтымында, отставкасы күйөөсүнө карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу эмес.

"Мен отставкага кетүүгө аргасыз болдум. Бул менин күйөөмө карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу эмес. Менин каршылаштарым мага карата болгон арсеналын колдонуп, мени саясый жактан жок кылууга аракет кылышты. Тилекке каршы президент мени коргой алган жок, же каалаган жок. Бул менин арыз жазуумдагы негизги себеп болду", — деди ал.

Салянова аны саясый ишмер катары жок кылууга аракеттер катуу болгонун кошумчалады.

Салянованы кызматтан кетет деген маалымат өткөн жылдын аягында эле чыга баштаган. Бирок, президент Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында "башкы прокурордун кызматтан кетет" деген маалыматты төгүндөп, ал эмгек өргүүсүнө чыкканын билдирген болчу.

20-январда Салянова кызматтан кетүү тууралуу арызын берген. 22-январда ал расмий түрдө кызматтан кеткен.

Тема:
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын маалымат жыйыны (7)
Белгилер:
Башкы прокурор, Алмазбек Атамбаев, Аида Салянова, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ