Казакстандан кулчулуктан бошотулган Жумагүлдүн энеси табылды

© Фото / Son of GrouchoЗанзибардагы кулчулука каршы коюлган эстелик. Архив.
Занзибардагы кулчулука каршы коюлган эстелик. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын Алматы облусунан эмгек кулчулугунан бошотулган Жумагүл Жусуп кызы бүгүн энеси менен жолугат.

БИШКЕК, 9-фев — Sputnik. Казакстандын Алматы облусунан эмгек кулчулугунан бошотулган Жумагүл Жусуп кызы бүгүн энеси менен жолугат. Бул тууралуу Жумагүлдүн жакындарын издөөгө жардам берген Талант Бекбаев Sputnik кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, алар бүгүн жолго чыгышат жана Жумагүлдү апасы менен жолуктурушат.

Жусуп кызын Казакстандын Алматы облусунан эмгек кулчулугунан бошотууга көмөктөшкөн Алмаз Кадыровдун Sputnik сайтына билдиришинче, Жумагүлдү Кыргызстанга жиберүүгө Алматынын базарларында иштеген мекендештер да жардам беришкен.

"Алматынын базарларында иштеген мекендештер да колунан келген бардык жардамын беришти. Алар 40 миң сомдой чогултуп, Жумагүлдүн кийим-кечегин да алып беришти", — деди ал.

Казакстанда кулчулукта жүргөн 25 жаштагы кыз куткарылды
Бир канча убакыттан бери эмгек кулчулугунда жүргөн Жусуп кызынын өзүнүн айтуусунда, ал Казакстанда 6 жылдан ашык жүргөн. Бирок, аны куткарып келгендердин айтымында, ал Казакстандын аймагында 3-4 жылдай жүрүшү мүмкүн. Себеби, Жумагүл болгон окуяларды так эстей албай, эске тутуусу да начарлаган.

Маалыматтарга ылайык, Жумагүлдүн ата-энеси балдары кичинекей кезинде эле ажырашып кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0