Президенттин басма сөз катчысы Акаев: чындыкты айтуум уланат

© Sputnik / Табылды КадырбековАрхив: Жанар Акаевдин facebookтагы баракчасы
Архив: Жанар Акаевдин facebookтагы баракчасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин маалымат катчысы жаңы кызматка келгени менен, журналист катары да чындыкты айта берүүнү улантаарын билдирди.

БИШКЕК, 2-фев — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин жаңы дайындалган маалымат катчысы Жанар Акаев эми мамлекеттик кызматта туруп, коомго пайда келтирүүгө аракет кылуу, аны менен кошо журналисттер менен тыгыз байланышта болуу ниетинде. Бул туурасында ал Sputnik маалымат сайтынын суроолоруна жооп берип жатып айтты. 

Президенттин басма сөз катчылыгына барып, кыргыз журналитикасы учурдагы мыкты журналисттеринин бирин жоготуп албайбы деген суроого, коомго мамлекеттик кызмат аркылуу пайдасын тийгизүүгө аракет кыларын айтты. Ал журналисттер менен тыгыз кызматташып, байланышып турарарын кошумчалады.

Акаев социалдык тармактардын биринде мындай деп жазды: "Президент мага ишеним көргөзгөн соң, маалымат катчысы болууга макул болуп, бүгүн ишке кириштим. Өлкө башчысы жаш, таза жана иш билги адамдарды ар дайым колдой турганын айтып, ачык-айкын, чынчыл иштөө зарылдыгын белгиледи, мен дагы элдин кайнаган турмушун чагылдырып жүргөн журналист катары мындан ары коомубузга мамлекеттик кызмат аркылуу пайдам тийип, жаш Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө салым кошом деп ишенип турам, ошого бар күчүмдү жумшайм".

Жаңылыктар түрмөгү
0