70 миң евролук күн батареялары балдардын реаблитациялык борборуна коюлат

© Sputnik / Тарас Литвиненко / Медиабанкка өтүүСолнечная электростанция в Крыму
Солнечная электростанция в Крыму - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баасы 70 миң евро болгон күн батареялары Бишкек шаарындагы Кароосуз калган балдардын реаблитациялык борборуна коюлуп жатат.

БИШКЕК, 28-янв — Sputnik. Быйыл жазында Кароосуз калган балдардын реаблитациялык борборун электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн ал жакка күн батареялары коюла турганын Социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министрликтен статс-катчысы Бактыбек Жекшенов ведомствонун мекемелерин автономдоштуруу керектигин белгиледи.

"Социалдык өнүгүү системасында жалпысынан 15 үй-интернет бар. Ал жакта карылар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана психикалык жактан ооруган балдар жашайт. Алар аймактарда, кээси райондук борбордон алыскы аймактарда орун жайгашкан. Андыктан ал жакты электр энергиясы менен камсыздоо биз үчүн маанилүү", — деди Жекшенов.

Министрликтин DENA агенттиги менен кызматташуусунун аркасында Бишкек мэриясына караштуу Кароосуз калган балдарды реаблитациялоо борборуна күн батареяларын бекер орнотуп алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

DENA агенттигинин долбоорлоо кызматынын жетекчиси Габриэле Айхердин айтымында, энергетика жана курулуш тармагында инновациялык технология менен алектенген компаниялар арасында жыл сайын агенттик конкурс жарыялайт.

"Быйыл кайрымдуулук иш-чарасынын алкагында конкурсту R.I.D.GmbH компаниясы жеңип алды. Алар өздөрүнүн күн батареяларын Кыргызстанга орнотууну чечишти", деди Айхер.

Кароосуз калган балдарды реаблитациялоо борборунун директору Алексей Петрушевский коюлуп жаткан батареялардын наркы 70 миң евро экенин белгиледи.

"Борбордун жана ага тийиштүү жатаканалар 12 кВт электр энергиясын колдонот. Коюлуп жаткан күн батареялары 15 кВт электр энергиясын берет", — деди борбордун жетекчиси.

Петрушевский балдарга тамактар электр мештерде жасалгандыктан, электр энергиясынын үзгүлтүксүз берилишинин маанилүүлүгүн айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0