ӨКМ: Кыргызстанда алдыдагы төрт күн ичинде суук 30°-35°ка жетет

Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайынын кексин өзгөрүлүшүн билдирип, сууктун күчү 35°ка чейин жетерин маалымдады.

БИШКЕК, 23-янв. – Sputnik. Кыргызстандагы эртеңден тарта 27-январга чейин күндүн суугу күндүзү суук 30°, ал эми түнкүсүн 35°ка чейин жетет. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Кыргызстанда 23-январынан 27-январына чейин мезгил-мезгили менен кар жаап, кээ бир райондордо калың түшүп, жолдор тоңуп, тайгак болушу күтүлөт.

24-январдан тарта Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 15…20°, айрым жерлерде 25° суукка чейин, күндүз 5…10°, айрым жерлерде 15° суукка чейин жетет.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 7…12°суук, күндүз 3…8° суук, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 10…15° суук, чыгышында 20° суукка чейин, күндүзү 5…10° суук, чыгышында 8…13° суукка чейин болот. 

Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн 25…30°суук, күндүз 15…20° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 30…35°суук, күндүз 17…22° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 33…38°суук, күндүз 20…25° суук болушу күтүлөт.

Мындай аба ырайы кыштоо жайыттарда малды кармоону кыйындатып, автоунаа, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0