"Кант" авиабазасынын "Грачтары" ГЛОНАСС навигациясын тоолуу шарттарда сынады

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүАрхив: Су-25СМ учактары
Архив: Су-25СМ учактары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Су-25СМ чабуул коюучулар тоодо жайгашкан "Эдельвейс" полигонунан учуп чыгып, ГЛОНАСС спутник навигациясын сыноодон өткөрүштү. Окуп-машыгуу иретиндеги учуулар аба ырайынын татаал шарттарында өттү.

БИШКЕК, 22-янв — Sputnik. ЖККУнун Кыргызстандагы "Кант" авиабазасынын учкучтары аба ырайынын татаал шарттарында тоолуу аймакта окуп-машыгуу иретинде Су-25СМ учактары менен бир нече жолу учушту. Мында ГЛОНАСС спутник навигациясын пайдаланылды деп билдирди шаршембиде РИА Новости БААнын маалымат кызматына таянуу менен.

КРдин тоосунда орун алган "Эдельвейс" полигонунан жасалган машыгуу иретиндеги учууларды Россиянын "Кант" авиациялык базасынын учкучтары аткарды. Бул окуулардын башкы максаты ГЛОНАСС спутник навигациясын аба ырайынын татаал шарттарында тоолуу аймакта сыноодон өткөрүү болчу деп белгиленет билдирүүдө.

"Спутник навигациясы начар көрүнгөн шарттарда жакшы натыйжаларды көрсөттү. Андан тышкары, тоолуу жерде анча чоң эмес бийиктикте ГЛОНАССтын аркасы менен учкучтар керектүү багыт-жолдорду жакшы таба алышты", — деп айтылат анда.

Архив: Канттагы аскер базасы - Sputnik Кыргызстан
Канттагы авиабазада Россиянын Коргоо министрлигинин инспекциясы текшерүү жүргүзүүдө
"Грач" деп аталуучу Су-25СМ үлгүсүндөгү жаңыланган жана ГЛОНАСС навигациялык система менен жабдылган учактар Кыргызстанга 2014-жылдын 8-декабрында келген.

"Кант" авиабазасы БААнын ААК жана АКАнын Экинчи командалылыгынын курамына кирип, тез чара көрүү боюнча Биргелешкен күчтөрдүн авиациялык бөлүгү болуп эсептелет жана ЖККУга катышуучу мамлекеттердин жер аймактары менен аба мейкиндиктеринде коопсуздукту камсыз кылууга катышат. 


Жаңылыктар түрмөгү
0