"Айкөл Манас" монументалдык комплексинин курулушу боюнча кылмыш иши козголду

© Фото / cercamonГород Ош
Город Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарындагы "Айкөл Манас" монументалдык комплексинин курулушунда каржылык туура эместиктер болгондугун аныктап чыкты.

БИШКЕК, 17-дек — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын Ош шаардык жана Ош облустук бөлүмү Ош шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери тарабынан акча каражаттарын кымырып алуу фактысын таап чыкты. Бул туурасында аталган кызматтын маалымат кызматы кабарлады.

Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы 2011-жылы атайын тендер өткөрүп, жыйынтыгында "Айкөл Манас" монументалдык комплексин куруу үчүн "Айжол" ЖЧКсы менен келишим түзгөн.

"Курулушту жүргүзүүдө бюджеттик каражаттарды мыйзамдуу колдонулганы боюнча аудитордук текшерүүдө Эсептөө палатасы аткарылган жумуштар 10 миллион 112 миң 700 сомго көбөйүп кеткендиги такталган", — деп айтылат аталган кызматтын маалыматында.

Бул факты боюнча УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын Ош шаардык жана Ош областтык бөлүмүнүн тергөө бөлүмү Кылмыш кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген ыйгарым мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу") боюнча кылмыш иши козгоду.

Бул эстелик учурда эл аралык издөөгө алынган Мэлис Мырзакматов кызматта турганда, 2012-жылдын январь айынын башында орнотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0