Президент "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" мыйзамды толуктоого кол койду

© Sputnik / Юрий Пирогов / Медиабанкка өтүүАрхив: чек арадагы бажы пункт
Архив: чек арадагы бажы пункт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын интеграциялык жаңы уюмга киришинин алкагында "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

БИШКЕК, 9-янв — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" КР мыйзамына кол койду.

Эл өкүлү: Бажы биримдиги Кыргызстан үчүн чоң рынокту ачат
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам аны "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын ченемдерине ылайык келтирүү, Жогорку Евразиялык Кеңештин 2014-жылдын майындагы чечими менен бекитилген Беларусь, Казакстан жана Россиянын Бажы Биримдигине Кыргызстандын кошулуусу боюнча Иш чаралардын ("Жол картасын") санитардык чараларды колдонуу бөлүгүн ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Мыйзамда Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында санитардык-карантиндик көзөмөлдү уюштуруу каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0