Эң арзан көмүр Нарында сатылууда

Жазылуу
Өлкө аймагында көмүрдүн эң арзаны Нарында 2-3 миң сомдун тегерегинде сатылууда.

Нарындагы мектептин директору 19 тонна көмүрдү уурдап алган
БИШКЕК, 3-дек — Sputnik. Республика боюнча эң арзан көмүр Нарын облусунда сатылып жатат. Бул туурасында өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 

Бүгүнкү күндө республиканын бардык аймагында өкмөт тарабынан элге көмүр саткан 616 база ачылган. Былтыркы жылдын жылытуу мезгилине салыштырмалуу бул 100 базага көптүк кылат. 

Түштүк аймактарда бир тонна көмүрдүн баасы 8 миң сомго чейин жетүүдө, бул көмүрдү казып алуунун жана жеткирүүнүн өздүк наркына байланыштуу болуп саналат. Ал эми эң арзан баадагы көмүр Нарын облусунда сатылууда. Мында ага болгон баалар 2 миң сомдон 3 жарым миң сомго чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0