Швейцариянын президенти Кыргызстанга иш сапар менен келет

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүАрхив: Дидье Буркхальтер
Архив: Дидье Буркхальтер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буркхальтер сапар алкагында Кыргызстандын премьер-министри менен жолугат

БИШКЕК, 22-ноя — Sputnik. Швейцария Конфедерациясынын президенти, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) азыркы төрагасы Дидье Буркхальтер Кыргызcтанга иш сапар менен келет. Бул туурасында КР Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

"Сапардын алкагында Швейцариянын президенти Дидье Буркхальтер Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушат. Мамлекет башчылары кыргыз-швейцариялык кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашат", — деп айтылат маалыматта.

Швейцариянын Президенти Дидье Буркхальтер ошондой эле Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жоомарт Оторбаев жана тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушууларды өткөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0