Өспүрүм Сириядагы согушка үндөп жүргөн

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүАрхив: Дамаск шаары, борбордук көчө
Архив: Дамаск шаары, борбордук көчө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектеп окуучусу Сириядагы согушка классташтарын үндөп жүргөндүгүн Ош шаардык милициясынан кабарлашты.

БИШКЕК, 30-окт — Спутник Кыргызстан. Маалыматка ылайык, Россияга өткөн жылы кеткен окуучу "Одноклассники" социалдык түйүнү аркылуу классташтарын Сириядагы согуштук аракеттерге катышууга үгүттөп келген. Ал согуштун диний мааниси чоң экенин белгилеп, Сириядан тартылган сүрөттөрдү жана радикалдык исламдын чакырыктарын камтыган тасмаларды интернет аркылуу салып турган. Ошол эле материалдарды башка балдарга, башка мектептерге таратууну да сураган.

Учурда ал окуучунун кайсы өлкөдө же Россиянын кайсыл шаарында экени белгисиз бойдон калууда. Ош шаардык милициясы учурда мектеп окуучулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0