Кыргызстанда 10-октябрда "Кандагы канттын деңгээлин билип ал" кампаниясы башталат

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКандагы канттын дэңгээлин өлчөө. Архив
Кандагы канттын дэңгээлин өлчөө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2022
Жазылуу
Акциянын алкагында өлкөнүн эки районунда жана 16 шаарында медициналык кызматкерлер жарандарды акысыз текшерет.
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. 10-октябрда Кыргызстанда "Кандагы канттын деңгээлин билип ал" кампаниясы башталат. Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунан маалымдалгандай, бул саамалык өлкөнүн эки районунда жана 16 шаарында өтөт.
"Саамалык Саламаттык сактоо министрлигинин атайын буйругунун негизинде уюштурулууда. Ал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин колдоосу алдында өтөт. Иш-чаранын максаты – баштапкы медициналык санитардык жардамдын сапатын жакшыртуу. Анын алкагында калк арасында кант диабетинин алдын алуу боюнча агартуу иштери жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Уюштуруучулар билдиргендей, мындай акцияларды өткөрүү менен кант диабети бар адамдарды аныктоо жана өз убагында жардам көрсөтүү иштери жолго коюлат.
"Анда үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун медициналык кызматкерлери жарандардын канындагы канттын деңгээлин акысыз текшерип, кеңештерин берет", — деген уюштуруучулар.
Башын кармаган аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2022
Дарыгер баш оорудан арылуунун жөнөкөй жолдорун тизмектеп берди
Жаңылыктар түрмөгү
0