Негизгилерин сунуштайбыз:
▪️ЕАЭБди өнүктүрүү — бул Биримдикке кирген ар бир мамлекеттин өзүнчө обочолонгон процесси эмес, ал ага мүчө-мамлекеттердин баарынан көз каранды болгон бири-бирин толуктоочу процесс
▪️Талкуунун натыйжалары практикалык иштерге түрткү болгон чечимдерге айландырылышы маанилүү
▪️Бирикменин негизги милдеттери катары төмөнкүлөр кала берет:
1️⃣ "төрт эркиндикти" камсыз кылуу. Бул товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын кыймылынын эркиндиги.
2️⃣ 2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын өз убагында ишке ашыруу
3️⃣ агроөнөр жай жана өнөр жай тармактарында биргелешип иш жүргүзүүү. Бул — импортту алмаштыруу максатында конкреттүү кооперация долбоорлорун ишке ашыруу жана Биримдиктин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу
4️⃣ туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу максатында биздин интеграцияны өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алгоритмдерин жана механизмдерин аныктоо.
5️⃣Чыгыш-Батыш жана Түндүк-Түштүк багыттары боюнча транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү.
▪️"евразиячылык" идеясын Биримдиктин аймагында гана эмес, өнөктөш интеграциялык бирикмелерде да жайылтуу маанилүү.
▪️Кыргызстан менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2020-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 40%га, ал эми биринчи кварталда 21%га өстү.
"Көптөр кетип жатканын жар салды. Билесиздерби, аларды карап отуруп... Кудай жалгасын, биз алардын ордун ээлейбиз. Биздин өндүрүш өстү жана кесиптештери даярдап кеткен жерге барып "отурат". Эч нерсе өзгөрбөйт", — деди Путин.
"Албетте, биз өнүккөн экономикалардын жогорку технологиялык артыкчылыктарын түшүнөбүз. Андан бөлүнүп кетүү оюбузда жок. Бизди ал жактан бир аз сүрүп чыгаргылары келип жатат. Бирок азыркы заманда бул мүмкүн эмес. Өзүбүз эле дубал менен бөлүнүп албасак, Россия сыяктуу мамлекетти эч ким оолактата албайт", — деген Путин.
"Евразия экономикалык биримдигин өнүктүрүү - бул Биримдикке кирген ар бир мамлекеттин өзүнчө обочолонгон процесси эмес, бул ага мүчө-мамлекеттердин баарынан көз каранды болгон бирин-бири толуктап туруучу процесс. Мүчө-мамлекеттердин кайсы бирине карата жасалган тышкы басымды бүтүндөй Биримдиктен же кайсы бир-мүчө мамлекеттен бөлүп кароого болбойт. Бул жаатта биз ынтымактуу иштеп, аракеттерибиздин координациясын күчөтүшүбүз керек", — деди ал.