Облус башчылары райондорду кыдырып, эл менен жолугат. График

© Фото / Pixabay/ advogadoaguilarАткаминер. Архив
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
Жазылуу
Президенттин маалымат кызматы максат элдин жер-жерлердеги курч көйгөйлөрүн ыкчам кароо, орун алган маселелерди жеринде чечүү экендигин билдирди.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мамлекет башчысынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрөт.
Президенттин маалымат кызматы максат элдин жер-жерлердеги курч көйгөйлөрүн ыкчам кароо, орун алган маселелерди жеринде чечүү экендигин билдирди.
Иш-чаралар бекитилген график менен өткөрүлмөкчү.
Бул жолугушуулардын жүрүшүндө эл тарабынан көтөрүлгөн маселелердин чечилишин көзөмөлдөө президенттин администрациясына жүктөлгөн.
Маалымат кызматы элди облус башчылары жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин жолугушууларына активдүү катышууга чакырды.
Чүй облусундагы айдоо жерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
Дароо камаласыңар! Чүйдүн башчысы жер басып алгандарга кайрылды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0