Өлкөдө 1000ге чукул киши COVID менен күрөшүп жатат. Статистика

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Жазылуу
Бүгүнкү күндө республика боюнча ооруканада 427 бейтап болсо, 495 адам амбулатордук шартта дарыланууда.
28-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада 41 адамдан коронавирус табылып, бир бейтап оорудан көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 16;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 2;
  • Ош облусу – 3;
  • Талас облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 2;
  • Баткен облусу – 8.
Ал эми 88 киши ооруну жеңип, айыгып кеткен.
Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 183 248 болду. Анын ичинен 178 048 киши айыгып кеткен.
Лаборатория кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
ДССУ коронавирустун жаңы штаммынан улам дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды
Пандемия башталгандан бери илдеттен 2 741 адам каза тапты.
Бүгүнкү күндө республика боюнча ооруканада 427 бейтап болсо, 495 адам амбулатордук шартта дарыланып жатат.
Өткөн бир сутка ичинде эмдөөдөн 7 238 киши өттү, анын ичинен 3 436сы биринчи дозаны, 3 802 адам экинчи компонентти алды. Жалпы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны учурда 1 102 406га жетти.
Жаңылыктар түрмөгү
0