Окумуштуу: башка планетадан келген организмдер Жерди вируска толтурушу мүмкүн

© Фото / NASA JohnsonЖер планетасы. Архив
Жер планетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Жазылуу
Илимпоздордун айтымында, космосту изилдөөгө суроо-талаптын өсүшү менен Жерге мурда тааныш эмес организмдердин келип калуу тобокелдиги күч алууда.
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Башка планеталардагы организмдер космостук кемелер менен капысынан Жерге келип, чоң коркунуч жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу австралиялык окумуштууларга шилтеме берип Live Science журналы жазды.
Алардын айтымында, космосту изилдөөгө суроо-талаптын өсүшү менен Жерге мурда тааныш эмес организмдердин келип калуу тобокелдиги күч алууда.
"Биздин планетадан башка жерде жашоо мүмкүнчүлүгүн издөө абдан кызыктуу жана жакынкы келечекте адам баласына көп мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бирок космоско каттоолор көбөйгөн сайын тобокелдиктер дагы болбой койбойт. Жерге ар кайсы нерселердин үлгүлөрүн алып келүүдө сак болушубуз керек. Өтө кооптуу, жугуштуу оорулар тарап кетиши мүмкүн", — деди Макгилл университетинин профессору Энтони Риккарди.
Ошондой эле окумуштуу адамдар эмитен эле жер бетиндеги экологиялык системага залакасын тийгизип койгонун эске салды.
NASA космоско астероиддерди талкалай турган аппарат учурду. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
NASA космоско астероиддерди талкалай турган аппарат учурду. Видео
"Космосту изилдөө менен алектенген ири компаниялар кандай коркунучтар бар экенин жакшы билет. Ошол себептүү 1960-жылдардан тарта планетаны коргоо саясаты иштеп келет. Бирок жаңы доордо изилдөөлөр дагы өзгөрдү. Учурда адам жашоо чындап эле бар же болушу мүмкүн делген жерлерге жакындай баштады", — деди Риккарди.
Учурда SpaceX сыяктуу жеке компаниялар дагы космосту иликтөө менен алектенип жатышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
loader