Рустамов Абдыкалык Алибекович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба партии "Социал-демократы"Рустамов Абдыкалык Алибекович
Рустамов Абдыкалык Алибекович  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
Абдыкалык Рустамов 1964-жылы 19-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Баш-Булак айылында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз агрардык академиясын "агроном" адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
  • 1996-1999 ― "Улан" айыл чарба ишканасында агроном;
  • 1999-2003 ― "Нурбек" ишканасында жетекчинин орун басары;
  • 2005-2009 ― Өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды көзөмөлдөө башкармалыгынын Чүй облусу боюнча инспектору;
  • 2006-2009 ― Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин инспектору;
  • 2010-2016 ― Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
  • 2016-2019 ― Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору.
Абдыкалык Рустамов 2019-жылы 31-июлда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп турганда жардамчысы экөө 2000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, алар чет элдик жаранга Ананьево айылындагы Ысык-Көл токой чарбасынын жер фондунан 5 гектар жер берүү маселесин оң жагынан чечип берүү үчүн пара талап кылышкан. Аларды тинтүү учурунда ар биринин жанынан 1000 доллардан чыккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
loader